​ДССУ Sinopharm вакцинасын колдонууга сунуштады

  • 3 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы сунуштала турган вакциналардын катарына шашылыш учурда Sinopharm колдонууга сунуш берди.


Бул тууралуу ДССУнун жума күнү жарыяланган билдирүүсүндө айтылды.

“Бүгүн ДССУ COVID-19га каршы сунуштала турган вакциналардын катарына шашылыш учурда Sinopharm колдонууга дүйнө жүзү боюнча уруксат берди” деп айтылат билдирүүдө.

Айтылгандай, ДССУ эксперттери вакцинанын сапатын жана коопсуздугун өндүрүштө инспекция жүргүзүштү.

Алынган тастыктоолордон кийин ДССУ аны 18 жаштан жогору жарандарга эки дозадан сунуштайт. Эки дозанын сайылышынын ортосунда 3-4 жума болушу керек.

Вакцинанын натыйжалуулугу коронавирустун белгилери менен жана ооруканада жаткандар арасында бардык курактагыларды бириктиргенде 79% болгону билдирүүдө айтылат.

Бирок ДССУ бул вакцинаны 60 жаштан жогоруларга колдонууга сунуш кылбайт. Себеби бул курактагылар үчүн бул дарынын натыйжалуулугу тууралуу жетишээрлик маалыматтар азырынча жок.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө эмдөө Кытай Эл Республикасы тарабынан берилген Sinopharm вакцинасы менен жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты