​Кытай эксперти “Кыргызстандын жерлерин Тажикстанга жана Өзбекстанга бериш керек” деп айткан эмес (Фактчекинг)

4-май күнү, Мухиддин Назаров аттуу Фейсбук колдонуучусу “Кытайлык эксперт Кыргызстанды Орто Азиянын залалдуу шишиги деп атады” деген маалыматты жарыялаган.

Анда, кытайлык эксперт “Кыргызстан митингдерден арылбаган, дайыма кошуналарын өлтүрүп “геноцид” кылып келе жаткан өлкө экенин ошондуктан ШКУ нун кезектеги саммитинде Өзбекстанга жана Тажикстанга тарыхый жерлерин кайтырып берүү демилгеси көтөрүлөөрүн билдирди”, — деп жазган.




































ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Кытай эксперттери Covid-19 боюнча пресс конференция өткөргөн

Сүрөттө көрүнүп тургандай, конференция өткөрүлгөн залда “ДССУ: Кытайдын мүчө эксперттери тарабынан SARS-Cov-2 нин келип чыгышы жөнүндө глобалдык изилдөөнүн пресс брифинги” деп жазылган.

Аталган маалымат жыйыны, 2021-жылдын 31-мартында болуп өткөн. Ага ДСУнун Биргелешкен эксперттик тобунун Кытайдагы лидери Лян Ванниан, изилдөөчүлөр Тун Иган, Фэн Цзыцзянь жана башкалар катышкан.

Эксперттер маалымат жыйынында, Уханьда тараган коронавирус илдетинин чыгуу себеби изилденип жатканын билдиришкен.

Белгилей кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму 2021-жылдын 14-январынан 10-февралына чейин, коронавирустун чыгуу себебин аныктоо үчүн эксперттик топту Ухань шаарына жөнөткөн. Изилдөө топтун курамына 17 кытайлык жана 17 эл аралык эксперт кирген. Башкача айтканда бул жыйында, саясий жана геополитикалык маселелер талкууланган эмес.

Мухиддин Назаров деген ким?

Кыргызстанды Кытайдын экспертинин атынан согушчул деп көрсөткөн Мухиддин Назаров Тажикстандын жараны. Фейсбук социалдык тармагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду колдоп, Кыргызстанды ар тараптуу каралаган постторду чыгарып келет.

Жыйынтык: Калп. Кытай эксперттери маалымат жыйында Кыргызстан жөнүндө эмес коронавирус тууралуу кеп кылышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты