​Бишкекте кыргыздардын тажик жаранын ур-токмокко алганы — фейк

з-майда окурманыбыз редакцияга топ жигиттер бир адамга кол салып аткан видео жөнөтүп, анын таржымалын изилдеп берүүнү өтүндү. Видеонун мүнөздөмөсүндө “Бишкекте бир нече адам тажик жаранын ур-токмокко алды” деп айтылат. Бул тасма тажикстандык колдонуучулар арасында кеңири жайылып, vatantj группасында да тараган эле.

Тасманы бизге жөнөткөн адам окуя “Асанбай” кичи районунда болуп өткөн деп божомолдогон.

Бирок бул видео чын эле чек ара чыры болуп аткан мезгилде тартылганбы? Текшеребиз.

Тасмадагы деталдарга көңүл буруп, окуя “Асанбай-центр” аттуу эс алуу борборунун тегерегинде тартылганына ынанабыз. Аталган жерге кызматкерибиз кечке жуук барып, тасма Gan Bei кафесинин жанында тартылганын аныктады.

Ал жердин учурдагы абалы тасма тартылган мезгилдегиден кескин айырмаланат. Мисалы, кадрда чатырчанын алдында автоунаалар токтотулган. Азыр эми учурда чатырча жок, бир гана аны кармаган жыгачтар калган . Мындан тышкары, жарык берүүчү чырактардын да азайып калганы байкалат.

Бул көрүнүштөр 1-2 күндүн ичинде кескин өзгөргөнү күмөн жаратат. Анан калса, кафенин администрациясы жакынкы бир нече айда бул жерде мушташ болгонун төгүндөдү.

Жыйынтык: фейк. Видео провокация жана дүрбөлөңгө салуу максатында таратылган.


Булак: Factcheck.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты