Ассоль Молдокматованын “Эрдоган Тажикстанга эскертүү берди” деген сөзү далилденген жок (Фактчекинг)

1-май күнү теле алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова, кыргыз-тажик чек арасындагы чырды чечүүгө жардам берүүсү үчүн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга кайрылган. Анда, согуш кыргыздарга дагы, тажик элдерине дагы керек эмес экендиги белгиленип, күнөөсүз жарандардын каны төгүлүп жатканы айтылган.

Ал эми, 3-май күнү Ассоль Молдокматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына, жөнөтүлгөн катка жооп алганын, бул тууралуу ага Түркиянын коомдук ишмери Өмер Эрдоган билдиргенин жазып чыккан.

“Өмер Эрдогандын айтымында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүн чакырып, Тажикстан тараптан Кыргыз Республикасына болгон аскердик агрессия кайталанбашы керек деген эскертүүнү берет экен ”- деп жазган Молдокматова.


ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.


Өмер Эрдоган деген ким?

Түркиялык басылмалардын маалыматына ылайык, Өмер Эрдоган, Режеп Тайип Эрдогандын жээни. Ал азыркы учурда “Kaf Yapım” рекламалык агентствосунун директору болуп иштейт. Мындан сырткары, айрым тасмалардын сценарийин жана ыр жазаары да айтылат. Башкача айтканда, Өмер Эрдоган саясий кызматты ээлебейт.


Эрдогандын Тажикстан тууралуу билдирүүсү расмий сайттарга чыгарылган эмес

Режеп Тайип Эрдогандын Тажикстанга эскертүү бергендиги тууралуу билдирүүсү, Түркиянын Өкмөтүнүн жана президенттин расмий сайтында жайгаштырылган эмес. Ошондой эле, мамлекеттик медиаларга да чыгарылган эмес.

Бул маселе боюнча, юрист Таттуубүбү Эргешбаева эл аралык деңгээлдеги кайрылууларды жасоодо бардык адамдын укугу бар экенин бирок ал расмий күчкө ээ болбосун билдирди:

“Адатта ар бир жаран кайрылууларды жасоого укуктуу. Ал эми, жөнөкөй жарандардын кайрылуулары көбүнчө популисттик мүнөздө болуп, расмий күчкө ээ болбойт. Эл аралык каттарды расмий жолдоодо өзүнчө атайын укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт”— деп билдирди Эргешбаева.

Белгилей кетсек, 1-майда Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушолу кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөтүү демилгеси бар экенин айткан.

Жыйынтык: Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Тажикстанга берген эскертүүсү далилденген жок. Ассоль Молдакматовага жооп берген бийликтин өкүлү эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты