​Чек ара чатагынан Баткендин дыйканчылык талааларына эч кандай зыян келген эмес

  • 3 года мурун

3-май күнү Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын өткөръп, Баткен облусундагы жазгы – талаа иштеринин жүрүшү тууралуу айтып берди.


Министрдин айтымында 28-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик куралдуу кармашынан Баткен облусундагы дыйканчылык талааларына эч кандай зыян келген эмес. Бирок мал чарбасында чыгым болгон. Канча бодо, канча майда малдардын тажиктер тарабынан айдалып кеткени учурда атайын комиссия тарабынан эсептелип жатканын айтты.

«Азыркы маалга карата Баткен облусу боюнча жазгы айдоо иштери 45,7 миң га аянтка, же 80 пайызга жүргүзүлгөн. Буудай, арпа себүү иштери толукбүткөрүлүп, жүгөрү себүү 37 пайызга ал эми жашылча, бахча жана картошкаотургузууиштери 90 пайызга аткарылган.

Сугат суу менен камсыз кылуу иши да штаттык режимде жүрүп, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мөмө-жемиш бактарын сугарууга керектөөнү толук көлөмдө жабат», — деди министр Аскарбек Жаныбеков.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты