Чек ара чырынан жабыр тарткан балдар тууралуу маалымат – Фейк

Социалдык тармактарда денеси күйгөн жаш балдардын сүрөттөрү жайылды. Балдар тажик аскерлеринен жабыр тартканы айтылат.

Factchek.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Маалыматка ишендирүү үчүн чек ара жаңжалынын курмандыгы болгон 12 жаштагы Мадинанын сүрөтү да тиркелген.

Бирок, башка сүрөттөр тууралуу расмий булактарда сөз болгон эмес эле.

Аларды ачык булактардан текшерген учурда Азербайжандагы Гянджа шаарындагы Анжела аттуу кыз отко күйгөнү маалымдалат.

Анжела 2019-жылы Түркияда дарыланган.

Социалдык тармактарда тараган башка сүрөттөр да бул кызга таандык.


Жыйынтык: отко күйгөн жаш балдар тажик аскерлеринин курмандыгы болду деген маалымат жалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты