​Ош-Баткен-Исфана жолу ачылды

  • 3 года мурун

Баткен облустук администрациясынын маалымат кызматы Ош-Баткен — Исфана жолунун Төрт — Көчө аймагындагы бөлүгү ачылганын кабарлады.


«Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзоданын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Эки тарап тең кырдаалды турукташтыруу боюнча комиссия түзүштү. Кыргызстандык комиссиянын курамына: Баткен облус башчысынын орун басары Маруфхан Тулаев, облустук ИИБ башчысы Мурат Боронов жана Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Төлөнбаев кирди. Учурда Ош — Баткен — Исфана жолундагы кыймыл толугу менен калыбына келтирилди» — деп жазылган облустук өкүлчүлүк тараткан маалыматта.

Ош- Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагындагы бөлүгү 29-апрель күнү тажикстандык жарандар кыргыз унааларына таш ыргытып, чагымчылыкты баштаган күнү жаап салышкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты