​COVID-19га каршы эмдөөгө эми онлайн кезек уюштурулат

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев коронавируска каршы вакцинация алуу үчүн жакынкы арада электрондук кезек уюштурулаарын кабарлады.

«Жаран өзүнүн толук аты – жөнүн, телефонун, ПИН номерин жана эмдөө алуучу пункту жана аймагын так жазышы керек. Бул маалыматтар автоматтык түрдө системага түшүп, медициналык кызматкер каттоо ишине убакыт коротпой, иш тездик менен уланат. Эгер жаран кезекке турган убактысынан кечигип калса, кайрадан жаңы кезекке турушу керек»,- дейт министрдин орун басары.

Негизги узун кезектер орусиялык «Спутник V» вакцинасы сайылып жаткан Бишкек шаарындагы № 2, 6 жана 7 – бейтапканаларда орун алган. Жакында эле Орусиядан 20 миң доза «Спутник V» вакцинасы келген. Май айында дагы 40 миң дозасы келээри күтүлүүдө. Дагы миллион доза вакцинага келишим түзүлгөнүн вице-премьер министр Артем Новиков кабарлаган.

Орусиялык вакцинадан тышкары Кыргызстанда учурда кытайлык Sinopharm компаниясынын 75 мин вакцинасы бар. Ошондой эле жай айларында англо-швециялык AstraZeneca вакцинасынын алынып келээри күтүлүүдө.

Фото: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты