​65 жыл бирге жашап, ээрчишип кетишти

  • 3 года мурун

27-апрелде 84 жаш курагында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ардагер Сабира Турсункулова дүйнөдөн кайтты.

Ммаданит министрлиги жарыялаган көңүл айтууда айтылгандай, эсил кайран инсан Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, кечээ жакында бул дүйнөдөн өткөн Бексултан Жакиев менен 65 жыл бактылуу өмүр кечирип, татыктуу уул кыздарды тарбиялап, улуу инсандын жан шериги болду.

Сабира Турсункулова эмгек жолун 1961-жылы Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинде экономикалык пландоо бөлүмүндө экономист, жетектөөчү адис катары баштап, 2016-жылга чейин бир кызматта үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Ал өз ишинин мыкты адиси эле. Өмүрүнүн 55 жылын маданият министрлигинде иштеп, өзүнүн артында мыкты адистерди даярдап кетти. Анын ишмердик касиети, адамдык сапаты бийик жана үлгү ала турчу инсан болчу.

Мамлекет алдындагы эмгеги жогору бааланып, 1981- жылы «Эмгек ардагери» медалы, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2002-жылы Финансы-экономикалык кызматынын отличниги, ал эми 2006-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

Сабира Турсункулованын адамдык бийик парасаты, жаркын элеси кесиптештеринин жүрөгүндө бекем сакталат.

Сүрөт: Маданият министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты