Кийинки жумадан баштап кошумча стационарлар ачылат

  • 3 года мурун

Ордо калаабыз Бишкек шаарында коронавирус тездик менен жайылууда. Акыркы эле алты күндө миңден ашык бишкектиктер бул ооруга чалдыккан.


Вице-премьер-министр Артем Новиков 26 — апрель күнү COVID-19га каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Кийинки жумадан баштап, Бишкек шаарында кошумча стационарлар ачылаарын, мобилдик медициналык бригадалардын саны көбөйтүлөөрүн кабарлады.

Саламаттыкты сактоо жана өнүгүү министрлиги өз кезегинде муфтиятка кайрылуу жолдоп, массалык намаз, ооз ачырууларга убактылуу тыюу сала туруу сунушун берди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты