НДПК партиясы шайлоодон четтетилди

  • 3 года мурун

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен НДПК партиясы шайлоодон четтетилди.

11-апрелдеги шаардык кеңешке болгон шайлоодо НДПК же Кыргызстан элдик демократиялык партиясы тарабынан добуш сатып алуу аракеттери аныкталган. Дал ошого негиздеп, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ошондой чечим кабыл алышкан. НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоочулардын 10,7 пайыз добушуна ээ болуп, 8 мандатка ээ болгон. Партиянын негиздөөчүсү Артур Медетбеков. Ал эми быйылкы шаардык кеңешке болгон шайлоодо партияны Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарган, «Елизаветта» курулуш компаниясынын кожоюну Азиз Суракматов каржылап, сүрөп чыккан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты