​«Акнет» компаниясындагы чырда Алмамбет Салиевдин таасири айтылды

  • 3 года мурун

«Акнет» компаниясы менен байланышкан чыр 2018-жылдан бери уланып, сот иштери бүтө элек. «Ири суммадагы салыкты жашыруу» беренеси менен «Акнеттин» мурдагы кожоюну Кубан Ажимудиновго кылмыш иши козголуп, абакта жатат. 13-апрелдеги соттук отурум учурунда Ажимудиновдун президент Садыр Жапаровго жазган кайрылуусу окулду. Анда Президенттик аппараттын сот, укук иштери боюнча бөлүмүнүн мурдагы башчысы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү, жакын адамы саналган Алмамбет Салиевдин «Акнетти» басып алууга аракет кылгандардын сап башында экени айтылат. Ажимудиновдун ал кайрылуусун сотто окуп берген жактоочусу Абаз Мамбетакунов:

«Кубан Ажимудинов «Акнетти» ким тартып алганын кайрылуусунда ачык эле жазып жатат. Алмамбет Салиев мурдагы президентти алдап, бурмалап, башкача маалымат берип, укук коргоо органдарына тапшырма берилип калган. Бул иш ошону менен токтобой, инерция менен эле келе жатат» — дейт «Азаттыкка» берген маегинде.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты