​«Жер менен кошо бизди бергиле!» Өзбекстанга жер берилишине каршы 10 күндөн бери митинг өтүүдө

  • 3 года мурун

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара сызыктарын тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кемпир-Абад суу сактагычынын сол жээгиндеги 50 гектар жер Өзбекстанга өтөрү айтылган.

Мындай чечимге нааразы болгон Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары нааразычылык акцияга чыгып, 10 күндөн бери митинг өткөрүүдө. Митингчилер жолугушууга барган тийиштүү жетекчилер менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышууда. «Биз мындай чечимге каршыбыз. Анда жер менен кошо бизди дагы бергиле. Камчыбек Ташиев өзү келип, биз менен жолугушуп кетсин» — деген савайлыктар боз үй тигип, мөөнөтсүз митинг башташты.

Сүрөт: 24.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты