​“Садыр Жапаров кара куурайды дары катары сунуштаса, анда Бейшеналиев түз эфирден түтөтөбү”. Уу коргошун тууралуу билдирүүсүнө соцтармактын реакциясы

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн түз эфирде уу коргошун ичти. Ал өз созүндө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кайрылуусу менен уу коргошун даярдалып, ооруп жаткандарга берилип жатканын айтты.

Социалдык тармактарда бул окуя кызуу талкууланууда. Айрымдары Садыр Жапаров менен Алымкадыр Бейшеналиевдин бул кылганына жини келсе, айрымдары мазактап жатышат. Политлина медиасы аталган окуяга байланыштуу социалдык тармактарда бөлүшүлгөн постторду чогултту.

Ырчы Президент, бийчи Президент, врач президент

Ажо айтты…

​“Садыр Жапаров кара куурайды дары катары сунуштаса, анда Бейшеналиев түз эфирден түтөтөбү”. Уу коргошун тууралуу билдирүүсүнө соцтармактын реакциясы



























Садыр ава Түркмөнстандын Президентин артта калтырат окшойт…
















«Арстан Алай кечирип коюңуз»

“Садыр Жапаров кара куурайды дары катары сунуштаса, Бейшеналиев түз эфирден түтөтөбү”

















Байкуш биздин министр

















“Биз министри жоготуп алат окшойбуз! Байкуш биздин министр, кытай вакцинасын сайышты, ууну да ичти. Кийинкиси эмне?”
















“Менин биздин министрге боорум ооруп жатат. Биринчилерден болуп вакцина алды, кийин Президентин рецепти боюнча ууну ичти. Менин оюмча мындай жол менен ал көпкө чыдай албай”.
















Биздин министрди башка өлкөлөр сурап жатат дейби?















Астерикс менен Обеликс Вируска каршы уу ойлоп табышты















Садыке көп кошуп алган жокпузбу?

Эгер зыяндуу болуп калса, жоопкерчиликти ким тартат?

Спортсмен, бизнесмен, юрист, депутат, комиссар, соттолуп чыккан адам, врач, президент. Карьера деп ушуну айт!

Уолтер Уайт жана Джесси Пинкмэн

Эми Кытайга вакцина жөнөтөт окшойбуз?

Аэропортто болгон окуя

Европадагы аэропорттордун биринде:

— Саламатсызбы? А сиз вакцина алагансызбы?

— Мен уу коргошун ичкем

— Муну психикалык ооруканага жаткыргыла

Парламент менен Өкмөт челлендж өткөзүп ичишпейби.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты