​“Муздак ичип алсаңыз өлүп калышыңыз мүмкүн”. Коронавируска каршы Садыр Жапаров жана Алымкадыр Бейшеналиев сунуштаган уу коргошун өтө кооптуу (Фактчекинг)

16-апрель күнү, Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына Кыргызстандык дарыгерлер Covid-19 дан бир эки күндө айыктыруучу эффективдүү дары тапканын жазып, видеосун жүктөгөн. Видеодо “Уу коргошун” деп жазылган бөтөлкөлөр көрсөтүлүп, ал коронавируска каршы жаңы дары экени айтылат.

Ал эми, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев,“Уу коргошун” өсүмдүгү менен Кыргызстанда 350 дөн ашуун бейтап дарыланып айыкканын айтып, бирок туура эмес колдонуу учурунда адамдын өмүрүнө коркунуч алып келээрин билдирди.

ПолитКлиника медиасы президент Садыр Жапаров жана Алымкадыр Бейшеналиев сунуштап жаткан дарылоо методун текшерип көрдү.

Уу коргошун

Медицинада “Аконит” деп аталган уу коргошун өсүмдүгү Кыргызстандагы эң уулуу чөптөрдүн бири. Аталган өсүмдүк, бир гана салттуу медицинада колдонулуп, дүйнөлүк практикада колдонгон учурлар дээрлик кездешпейт. Анткени, дозасынан ашык колдонгондо жана гүлүн жыттаган учурда жүрөктүн согушун токтотуп, дем алуу органдарынын параличине алып келет. Ошондуктан, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштаган дарыларынын тизмесинде жазылган эмес.

ДССУ: “Уу коргошун менен дарылоо кооптуу жана изилденбеген метод”

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму “уу коргошун” менен даарылоонун клиникалык сыноолору жүргүзүлбөгөндүктөн колдонууну таптакыр сунуштабайт.

Ошондой эле, Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Назира Артыкова Коронавирус илдетине каршы табылгыс дары катары катары сунушталып жаткан «Ысык-Көл тамыры» же уу коргошундун пайдасы жалган маалымат экенин жана колдонбоо керектигин билдирген.

Пайдасынан зыяны көп уу коргошун

Кыргызстанда уу коргошун өсүмдүгүнөн ууланган жана каза болгон учурлар кездешет. Алсак,

-2007-жылы Новопавловка айылында 11 адам уу коргошундан ууланып, алардын үчөөсү каза болгон.

-2012-жылы Саламаттык сактоо министринин жан сакчысы, уу коргошун чайын ичип каза болгон.

-2018-жылы Ысык-Көлдө үч жаш бала уу коргошунду өсүмдүк ширеси деп ичип алышып, реанимацияга жаткырылган.

-2018-жылы өгөй ата 19 жаштагы балага уу коргошун берип, ууландырган. Натыйжада бала каза болгон.

Бул учурлар, массалык маалымдоо каражаттарына белгилүү болгон гана жагдайлар. Иш жүзүндө уу коргошундан жабыркаган адамдардын жана жаныбарлардын саны алда канча жогору экени айтылып келет.

Жыйынтык: Уу коргошун менен даарылоо изилденбеген жана өтө кооптуу метод. Мындан сырткары, коронавирусту айыктыруудагы эффективдүүлүгү да далилденген эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты