​Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти

  • 3 года мурун

Бүгүн, 16-апрелде, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен айыктыруу ыкмасы тууралуу «Кабар» агенттигинде пресс-конференцияда айтты. Министр түз эфирде уу коргошун ичти.

Министр Бейшеналиев пресс-конференцияда коронавирусту уу коргошун менен дарылоого токтолду:

-Садыр Нургожоевич мага кайрылып, өзүмдү, туугандарымдын бардыгын айыктырдым, ушуну кыргызстандыктарга берип көрбөйсүңбү деди. Аны ичип, менин туугандарым да айыкты.

Мен Садыр Нургожоевичке дарыны дозасы менен даярдап бербейсизби деп сурандым.

Анын атасы көп жылдан бери ар кайсы ооруларга колдонуп келген, атасы үйрөтүп кетиптир. 15 күндөн бери Садыр Нургожоевич дозасын 100 литр сууга канча кошуш керек экенин айтып, бизге берип жатат. Биз аны кайнатып, 3, 5 литр «баклажкага» куюп, жеткирип жаттык. Мен өзүм барып көрдүм. Иммунитетти көтөрөт, “өлүп калам го» дегендер жакшы уктап, эртеси дагы бергиле деп суранып жатат. Кыйналып, какырыгы чыкпай жаткандар айыгууда. Ковид менен ооруган 300 адамды айыктырып чыгардык.

Уу коргошунду муздак ичсе, адам 5 мүнөткө жетпей өлүп калат, ысык ичиш керек, -деди министр, профессор Алымкадыр Бейшеналиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты