Президенттин ЖКдагы мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкты

  • 3 года мурун

Өткөн жылы 24-ноябрда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен камакка алынган Курманбек Дыйканбаев 13-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкты.

«Республика» партиясынан ЖК депутаты, мурдагы Президент Сооронбай Жээнбековдун ЖКдагы өкүлү болгон Курманбек Дыйканбаев былтыркы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Кызмат абалынан пайдаланып, мамлекеттик ишкананын 7 миллион сомун шайлоо өнөктүгүнө жумшаган деген айып тагылган.кур

Курманбек Дыйканбаев Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылы 14-февралда дайындалган.

Ал 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңеш депутаттыгына “Биримдик” партиясынан талапкер болгон.

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев 2020-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кармалган. Ал кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмышка шектелип кармалган

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты