Шайлдабекова: Референдумга шайлоочулардын 37, 08 %ы келди

  • 3 года мурун

12-апрелдеги автоматтык эсептөөнүн маалыматына караганда, жаңы Конституция долбоору боюнча референдумга катышкан шайлоочулардын саны 37, 08 %ды түздү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анда айтылган маалыматка караганда, 98% шайлоо тилкесинде добуштар эсептелип чыкты.

Тизмеге бардыгы болуп 3 млн 606 201 шайлоочу киргизилген. Референдумга 1 млн 336 миң 743 шайлоочу катышты же референдумга 37, 08 % шайлоочу катышты.

Референдумга макул-79,24 % же 1 млн 59 476 киши, каршы-13,66 % же 182 533 киши.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты