​Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык соту 12-апрелде ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду үй камагына чыгарды.

Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, 26-январда кармалган жана Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы баш-аламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

9-октябрда массалык баш-аламндыкты уюштургандыгы үчүн Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары — Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган.

9-октябрда массалык баш-аламндыкты уюштургандыгы үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары — Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов кармалган. Андан кийин 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

Курсан Асанов президенттик шайлоого катышкан жана жалпы шайлоочулардын 0,5% добушун алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты