​Нариман Түлеевдин жер мафиясы — 3

«ПолитКлиника” медиасы буга чейин Нариман Түлеевдин Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде, Бишкектин майлуу-сүттүү жерлеринин мыйзамсыз берилиши тууралуу “Нариман Түлеевдин жер мафиясы” аттуу журналисттик иликтөөбүздүн эки бөлүгүн жарыялаган элек.

Ал иликтөөлөрдө ошол кездеги мэр Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 25-июнунда кабыл алынган №327 токтомунун негизинде “Ала-Арча” VIP шаарчысынан өзүнүн кол алдында иштеген адамдарга жана өнөктөштөрүнө “жардамга муктаж” адамдар катары бекер жер тилкелерин берип, эки жылдан кийин ал жер тилкелерин өзүнө караштуу адамдарга өткөрүп алганын далилдеп бергенбиз.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, 2009-жылдын 25-июнундагы №327 токтому менен жалпысынан 77 адам жардамга муктаж адам катары “Ала-Арча” VIP шаарчасынан бекер жер тилкесин алган.

Нариман Түлеевдин №327 токтомунун негизинде жер алгандардын тизмеси:

  1. Сагинбаев Урматбек Ниязбекович;
  2. Джапаров Эрнест Самирович;
  3. Көльбаев Урматбек Каныбекович;
  4. Алгадаева Нурджамал;
  5. Попова Наталья Витальевна;
  6. Алексеенко Анна Владимировна;
  7. Нифадьев Владимир Иванович;
  8. Ким Роман Константинович;
  9. Канаев Таалайбек Раимкулович;
  10. Орусбаев Ататюрк Абдыкадырович;
  11. Керимкулов Ильгиз Эмилевич;
  12. Саткангулов Марат Булатбекович;
  13. Айдаров Салайдин Абдираевич;
  14. Винакуров Неоргий Александрович;
  15. Муксинова Руфия Джаудатовна;
  16. Кошелев Владимир Иванович;
  17. Мамасериков Тлевберди Нурбосунович;
  18. Усманов Салават Фаргатович;
  19. Джаянбаев Камалидин Ишмаматович
  20. Рудова Марина Михайловна;
  21. Кутателадзе Геннадий Платонович;
  22. Филипенко Евгения Федоровна;
  23. Дүйшенов Канат Сагындыкович;
  24. Алтымышов Марс Мелсович;
  25. Турдакунов Мурадил;
  26. Дженбаева Гуля Елибаевна;
  27. Койшибаев Сериккул;
  28. Жолдошбеков Алтынбек;
  29. Бекиев Орозбек Юсуп маматович;
  30. Токтогулов Кылычбек;
  31. Тагаев Жээмбек;
  32. Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич;
  33. Абдрахманова Күлүмжан Усеналиевна;
  34. Качкыналиева Калыйса Жумалиевна;
  35. Султанова Жибек Маратовна;
  36. Киргизбаев Куанбек;
  37. Бранчаева Сания Измайловна;
  38. Джаналиев Бекболот Болотбекович;
  39. Сыдыков Аскат Шаршекович;
  40. Соороноева Назира Эркиновна;
  41. Белунскас Александр Ромуальдасович;
  42. Фурхатова Салтанат Фурхатовна;
  43. Султаналинев Сейит Аскатович;
  44. Майчакова Нуриля Данышбековна;
  45. Бейсенова Бубуазия;
  46. Иманалиев Айбек Замирбекович;
  47. Айтымбетов Айбек Замирбекович;
  48. Өскөмбаев Азат Кубанычбекович;
  49. Сулейманов Мирбек Усенович;
  50. Жакыпбаев Бердибек Турдахунович;
  51. Жамгырчиева Абаткан Карыповна;
  52. Бегалы кызы Чолпон;
  53. Биймырзаева Жазгүл Борукуловна;
  54. Асылбеков Памир Батырбекович;
  55. Атагозуев Жоомарт Мамажакыпович;
  56. Кошоков Данияр Жоомартович;
  57. Ыманкулова Мунара Сааданбековна;
  58. Токсонбаева Салкынай Куваталиевна;
  59. Суюндуков Улан Болотбекович;
  60. Абдраимовы Жеңишбек;
  61. Курманбаев Асылбек Эсентекович;
  62. Бакирова Зумрад Турмушбековна;
  63. Кожошев Мурзабек Орозбекович;
  64. Жапар кызы Гульмира;
  65. Джусубалиева Дамира Аваскановна;
  66. Васильсова Наталья Борисовна;
  67. Мурзабеков Нурлан Мурзабекович;
  68. Шин Роман;
  69. Акназарова Роза Корчубековна;
  70. Абдылдабеков Нурбек Абдылдабекович;
  71. Момбеков Чыңгыз Нурбеклвич;
  72. Назаров Орзубек Пулетович;
  73. Багышбекова Кулмира Амангазиевна;
  74. Абишева Гульнара Эрмекбаевна;
  75. Жумабаев Рыскулбек Азимбекович;
  76. Осокин Андрей Александрович;
  77. Арынбек уулу Акылбек.

1996-жылдан бери кезек күтүп отургандар бар

Бишкек шаарынан жер участогун бекер алуу үчүн атайын кезекке туруу керек. Бирок, 2007-жылдан бери Бишкектин аймагында жер тилкеси калбай калганын айтып Бишкек шаардык мэрия эч кимге жер бербегенин айтып келет.

Турак үй куруу үчүн бекер жер алуу максатында кезекке турган жарандарга 2007-жылдан бери Бишкек шаарынын бир дагы аймагынан жер бериле элек. Анткени, учурда Бишкек шаарында турак үй куруу үчүн бош жер участогу жок. Ошондуктан, атайын кезекке тургандарга 2007-жылдан бери жер берилбей келет”, — дейт Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Медер Бейшеналиев.

Учурда Бишкек шаары боюнча 1996-жылдан бери кезеги жетпей 6485 жаран жер тилкесин күтүп отурат.

Түлеев мугалимдерге берилгенин айтат

Нариман Түлеевге байланышып, суроолорубузга толук жооп алганга мүмкүнчүлүк болгон жок. Бирок Түз эфир аркылуу эки сурообузга гана жооп ала алдык. Бул жер тилкелери боюнча айтып жатып, Түлеев ал кездеги Президент Курманбек Бакиевдин резолюциясы менен Кыргыз-орус славян университетинин мугалимдерине бекер жер берилгенин айтты:

Курманбек Бакиевдин резолюциясы менен Кыргыз-орус славян университетинин мугалимдерине “Ала-Арча” шаарчасынан бекер жер берилген. Менимче, 77ден деле аз”, — дейт Нариман Түлеев.

Нариман Түлеев ал жер жалаң Кыргыз-орус славян университетинин мугалимдерине берилгендигин айтат. Бирок, бекер жер тилкесине “муктаж” болгон 77 адамдын 9у гана мугалимдер болбосо, көбү прокурор, сот, тергөөчүлөр, айрымдары депутат экендигине күбө болдук. Алардын ичинде Түлеевдин жакын адамдары, жер бөлүштүрүүчү комиссия мүчөлөрү жана алардын жакындары дагы бар.


Жер алган 77 адамдын тогузу гана мугалимдер

“Жардамга муктаж” адам катары бекер жер тилкесин алган Кыргыз-орус славян университетинин кайсы мугалимдери экендигин кызыгып, тизмеден карап чыктык.

Жер алгандардын катарында Кыргыз-орус славян университетинин ректору Нифадьев Владимир Ивановичти, ушул эле университеттин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Усманов Салават Фаргатовичти көрүүгө болот.

Орусбаев Ататюрк Абдыкадыров — Кыргыз Славян Университетинин мугалими болуп иштейт. КРСУнун биринчи жана жалгыз гуманитардык факультетинин биринчи деканы Орусбаев Абдыкадыр Орусбаевичтин уулу.

Муксинова Руфия Джаудатовна — 2001-жылдан тартып Кыргыз Славян Университетинде улук окутуучу болуп иштеп келет. 2002-жылы кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин Архитектуралык Дизайн Фундаменти кафедрасынын доценти болгон.

Мамасериков Тлевберди Нурбосунович — Кыргыз-орус славян университетинин экс-проректору, Джаянбаев Камалидин — Кыргыз-орус славян университетинин профессору, Филипенко Евгения Федоровна — Кыргыз-орус славян университетинде мугалим болуп иштейт.

Рудова Марина Михайловна — Кыргыз-орус славян университетинин Окуу процессин уюштуруу жана ведомстволор аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Жер алгандардын арасында башка окутуу мекемелеринин да мугалимдери бар. Бегалы кызы Чолпон — Нарындагы К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин кыргыз жана адабият тили мугалими.

Түлеевдин жакындары

Биздин, “Нариман Түлеевдин жер мафиясы” тууралуу буга чейинки иликтөөдөгү каармандардын бири Эрнест Жапаров дагы кымбат баалуу жерден бекер алган.

Ал гана эмес 2011-жылдын 8-февралында Көлбаев Урматбек Каныбековичке таандык делген үчүнчү жер тилкеси менен Сагынбаев Урматбек Ниязбековичке таандык делген биринчи жер тилкесин сатып алып, жалпысынан үч жер тилкесине ээ болуп калып жатат.

Мына ушул Жапаров Эрнест үч жер тилкесин 2011-жылдын 21-сентябрында Ташболотова Аселя Нарынбекова аттуу жаранга саткан. Ташболотова Аселя Нарынбековна Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеев Ташболотовичтин бир тууганы Түлеев Нарынбек Ташболотовичтин кызы.

Бул жер тилкелери Ташболотова Аселянын колуна өткөндөн кийин аталган жер тилкелерге 9 таун-хаус курула баштаган. 2016-жылдын 28-январында Ташболотова Аселя бул жер тилкелерин таун-хаустары менен кошо Асанбаев Халиф Намазбековичке саткан.

Эрнест Жапаровдун кайсы жерлерде иштегенине кызыгып көрсөк, “Ак-Жол” коопсуздандыруу ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинде иштегени көзгө илешет. Нариман Түлеевге кылмыш иши козголгондо конфискацияланган мүлктөрдүн тизмесинен дал ушул “Ак-Жол” компаниясын дагы жолуктурууга болот.

Жапаров Эрнесттин өзү менен байланышканыбызда бул жер тилкесин кезекке туруп алганын Нариман Түлеевди тааныбай турганын айткан эле, эми болсо “Ак-Бата” партиясынан 8-тизмеде Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп кетип жатат. Демек, Джапаров Эрнест Нариман Түлеевдин жакын адамдарынын эле бири.

Эми жолдун берки бетиндеги үч жер тилкесин кимдер алгандыгын карап көрөлү: Дүйшөнов Канат Сагындыкович №23 жер тилкесин, Алтымышов Марс Мелсович №24 жер тилкесин, Турдакунов Мурадил №25 жер тилкесин алган.

2010-жылдын 10-декабрында Дүйшөнов Канат Сагындыкович №24, №25 жер тилкелерин сатып алып үч жер тилкеге ээ болуп калган.

Канатбек Дүйшөнов деген Нариман Түлеевдин “Дос-Кредо Банкынын” 6,73% акцияларынын ээси. Канатбек Дүйшөнов үч жер тилкесин бириктирип Мамлекеттик каттоо кызматынан бир жер тилкеси кылып каттатып алган.

2013-жылы бул жер тилкелерине чоң хан сарай салынып жатканын спутниктик тасмалардан көрүүгө болот. Кошуналарынын айтымында, Нариман Түлеев бул үйдү атасына салып баштаган. Бирок, 2013-жылдын декабрында анын атасы Ташболот Түлеев каза болуп калгандан кийин башка жаранга сатып жиберген.


Комиссиянын айрым мүчөлөрү өздөрүнө жер бөлүп алган

Жер бөлүштүргөн комиссиянын мүчөлөрүнүн бири — Шин Сергей Романович. Бекер жер тилкесин алгандардын катарында анын атасы Шин Роман бар. Биз сөз кылып жаткан Шиндердин үй-бүлөсү Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарын толуктаары эч кимге жаңылык деле эмес.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Акназарова Роза Корчубековна — жер бөлүштүргөн коммиссиянын мүчөсү. Роза Акназарова дагы өзү комиссиянын мүчөсү экенине карабай, жардамга муктаж адам катары өзүнө бекер жер бөлүп берүү чечимин кабыл алган.






































































“Жерге муктаж” болгон прокурорлор менен соттор

Бекер жер тилкесине “муктаж” болгондордун тизмесин андан ары карай турган болсок, көрүнүктүү эле прокурор, сот болуп иштеген адамдарды кездештирүүгө болот. Мындан улам бул адамдар кимдер болду экен деген суроо жаралбай койбойт. Алдыда тизмеге көңүл буруңуздар:

Жолдошбеков Алтынбек Жолдошбекович — Биринчи май районунун прокурору, юстициянын 1 — класстагы кеңешчиси.

Токтогулов Кылычбек — КРнын Башкы прокурорунун мурдагы биринчи орун басары. Ал 2015-жылы Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалган. 2017-жылдын 14-сентябрында Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Халмурзаев Абдибакыт Алыбаевич — бир катар чоң кызматтарда прокурор болуп иштеген. Ал өкмөттүн мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевдин бир тууганы экени белгилүү.

Абдрахманова Күлүмжан Усеналиевна — Бишкек шаардык сотунун экс-судьясы. Учурда жаш курагына байланыштуу отставкада.

Качкыналиева Калыйса Жумашалиевна — Бишкек шаарынын райондор аралык экономикалык сотунун экс-төрагасы.

Жер алгандардын тизмесинен КРнын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын экс-судьясы Куанбек Киргизбаевди да жолуктурууга болот.

Ал эми жер алгандардын бири Джаналиев Бекболот Болотбекович — Октябрь районунун судьясы. Сыдыков Аскат Шаршекович — бул киши да бир катар жогорку кызматтарда иштеген. Жерге муктаж адам болуп жер алган жылдары Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болчу.

Өскөмбаев Азат Кубанычбекович — Чүй облусунун экс-прокурору. Милициянын полковниги Белунскас Александр Ромуальдасович 2015-жылга чейин Кыргызстандагы көрүнүктүү кызматтарда иштеген.

Айрым компаниялардын жетекчилери да бекер “жерге муктаж”

Жер алгандардын тизмесинен бир катар компаниялардын жетекчилерин да кезиктирдик.

Алардын катарын, “Цент реабилитации “Батия” коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Майчакова Нуриля Данышбековна, “Галерея Парк” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Жамгырчиева Абаткан Карыповна, “Кара-Жээк Чаек” коомдук фондунун директору Жеңишбек Абдраимов, “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКтын башкы директорунун орун басарыАбдылдабеков Нурбек Абдылдабекович, «ЛУНА&АРЕЛЬ МЭНПАУЭР» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсүАтагозуев Жоомарт Мамжакыпович, “Аудит” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсүЫманкулова Мунара Сааданбековна, «ШПТ 1» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Жакыпбаев Бердибек Турдахунович, «Спектрплюс» Жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Көльбаев Урматбек Каныбековичти, «Кенч ММК» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Мурадил Турдакуновду, Россиянын жараны, алты компанияны жетектеген бизнесмен Осокин Андрей Александрович толуктайт.

Ошондой эле, бекер жер тилкисин алгандардын тизмесинен кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору Кутателадзе Геннадий Платоновичти, Бишкек шаардык мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш дирекциясынын Чыгыш зоналарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн ошол кездеги башкы адиси Сүйүндүков Улан Болотбекович да бар.

Жогорку Кеңешке “Акжол” фракциясынан депутат болуп турган Орзубек Назаровду, Жогорку Кенештин азыркы чакырылышына “Кыргызстан” фракциясынан депутат, мурунку мамлекеттик бажы инспекциясынын жетекчиси Айдаров Салайдин Абдираевичти дагы дал ушул тизмеден жолуктурууга болот.

Нариман Түлеевге суроолорубузду бергенге бир канча жолу аракет кылдык. Бирок андан майнап чыккан жок. Буга чейин чыгарган иликтөөлөрдүн жыйынтыгында бул иш боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган болчу. Бирок ал иштер аягына чыккан эмес. Биз бул иликтөөгө учурдагы УКМКнын курамы, Президент Садыр Жапаров чара көрөт деп ойлойбуз.

Автор: ПолитКлиника


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты