​Айзаданын апасы: “Апаңды өлтүрүп кетем, колуңардан эч нерсе келбейт” деп кызымды коркутуп жүрүптүр»

  • 3 года мурун

Бүгүн 8-апрелде Бишкекте уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

Айзаданын апасы Назгүл Шакенова кылмышка шектүү Замирбек Теңизбаев кызын ар түрдүү жолдор менен коркутуп жүргөндүктөн Айзада Түркияга кетүүгө камынып жүргөн болчу дейт:

“Айзада үйүмдүн жалгыз кызы. Күйүмдүү, ак көңүл, боорукер эле. Биз квартирада жашагандыктан, дайыма мага жардам берип “Качанкыга чейин ушинтип батирде жашайбыз? Мен сизге жардам берем үй алабыз” деп айта берчү. Кийин инстаграмдан бирөө жазып жанымды койбой атат деп калды. Ар ай телефон номерин алмаштырса дагы, тиги бала таап алып эле жанын койгон жок. Кийин билсем ал бала, “Сенин апаң жалгыз, бир туугандарың да жок. Аялдар алсызсыңар силердин колуңардан эч нерсе келбейт, бир күн апаңды өлтүрүп кетем” деп коркутуп жүрүптүр. Кызым бул бала оорукчан окшойт деп Түркияга кеткени жатты эле”, — деп кейиди.

Белгилүү болгондой, бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктап тигүү ишканалардын биринде котормочу болуп иштеп жаткан.

“Кызымы издегендин ордуна той жейсиз деп шылдыңдашты!”

Назгүл Шакенова кызын ала качкан күнү эле түшкө маал Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазганын, бирок тергөөчүлөр убагында издөө ишин баштабай, кайра шылдыңга алганын билдирди.

“Кызымдан сарсанаа болуп саат 13:15 те Биринчи май райондук милициясына барсак, эртең менен эле кыз уурдалганы боюнча маалымат келип түшкөнүн айтышты. Бирок, эч кимиси издегенге аракет да кылып коюшпаптыр. Кайра бизди шылдыңдап, ошол жердеги Уларбек деген милиционер, “Эже эмне кейийсиз, той жейсиз ачуу басар келет” деп шылдыңдап отурду. Болбосо бардык маалымат, машинанын номерлери турса 2-3 саатта эле таап койсо болот эле да!”, — дейт Назгүл Шакенова.

Ошондой эле, Назгүл айым Айзаданы жерге бергенден кийин чындык үчүн аягына чейин күрөшөөрүн, керек болсо президентке чейин кайрылаарын баса белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, Айзада Канатбекованы 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана Замирбек Теңизбаевдин бычакталган сөөгү табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты