Президент Жапаров 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 2010-жылдагы өлкөнүн түштүгүндө жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген адамдар жаракат алып, жабыркаган кайгылуу июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө толук маалымат берүү жана мыйзамдуулукту жана объективдүүлүктү сактоо менен тиешелүү чечим кабыл алуу тапшырылды.

2010-жылдын июнь айында Кыргызстандын Ош облусунда араздашуу чыгып, ал улут аралык жаңжалга айланып кеткен, Андагы жаңжалда жүздөгөн адамар каз тапкан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты