​Нариман Түлеевдин Түштүк магистраль боюнча айткандары калп жана манипуляция. Фактчекинг

“Ак Бата” саясий партиясынын лидери, Бишкек шаардык кеңешине талапкер Нариман Түлеев өзүнүн Facebook баракчасында түз эфирде Түштүк магистраль көчөсү бекер салынгандыгын билдирди.

Мындай билдирүүнү Нариман Түлеев түз эфирде берилген суроолорго жооп берип жатып айтты.

“Мен мамлекеттик кызматта эки жылга жакын иштедим. Бул убакытта мен бюджеттик акчага сатылып алынган автобустардан сырткары, 365 автобусту бекер алып келдим, Түштүк магистраль, Ж.Бөкөнбаев сыяктуу көчөлөрдү бекер салдырдым, парктар бекер жакшыртылган”, — деп билдирген Нариман Түлеев.

ПолитКлиника медиасы Нариман Түлеевдин эки билдирүүсүн текшерип көрдү көрдү.

1-билдирүү: “Түштүк магистраль бекер салынган”

Түштүк магистралды куруу үчүн Бишкек шаардык бюджеттен 235 млн.сом бөлүнгөн жана ал жакта жайгашкан көпүрөнү курууга кошумча бюджеттен 30 млн.сом бөлүнгөн. Бул тууралуу ошол учурдагы Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Абдылдабек Чынгышев билдирген.

2-билдирүү: “Түштүк магистраль менин учурумда салынган”

2006-жылдын 21-ноябрында ошол учурдагы Премьер-министр Феликс Кулов Бишкек шаарынын 2025-жылга чейинки Генералдык планын бекиткен. Ал планда Түштүк магистралдын салынышы да көрсөтүлгөн.

Жыйнтык: 1-билдирүү калп, 2-билдирүү манипуляция. Анткени, генералдык планга киргизилгендиктен, кайсы мэр болбосун Түштүк магистраль салынмак.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты