​Жумалиевдин камактагы мөөнөтү узартылды

  • 3 года мурун

Коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин камактагы мөөнөтү 14-апрелге чейин узартылды.

Токтомду 31-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча кармап, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга, 4-апрелге чейин камакта калтырган.

Ал март айынын башында Бишкектеги менчик ооруканага кан басымына жана жүрөк оорусуна байланыштуу жатканы кабарланган.

Жумалиев Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасынан УКМКнын тергөө абагына кайтканын атайын кызмат 29-мартта кабарлаган.

Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алууда, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталууда.

Сүрөт: anticor media

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты