​ЮНЕСКОго талапкерлигин Алмаз Бейшеналиев процедураларды бузуп, өзү көрсөткөн (Кошумчаланды)

  • 3 года мурун

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев ЮНЕСКОнун Башкы директорлугуна талапкерлигин койгон. Бирок, учурдагы директордун экинчи мөөнөткө баруусун камсыздоо үчүн ага басым жасалып, талапкерлигин чакыртып алууга арыз жазганын айтат биздин БУУдагы булактарыбыз. Бирок, бул маалыматты текшерип көргөнүбүздө Алмаз Бейшеналиев процедураларды өзү бузуп тапшырганын, аягында кайра талапкерлигин өзү алып салганы белгилүү болду.

ЮНЕСКОнун Аткаруу Кеңешинин төрагасы Агапито Мба Мокуи 2020-жылдын 14-декабрындагы катында мүчө мамлекеттерден Башкы директордун кызмат ордуна талапкерлерди сурап, талапкерлерди берүүнүн акыркы мөөнөтүн 2021-жылдын 15-мартына чейин экендигин белгилеген. Аталган мөөнөткө чейин Мба Мокуи эки талапкердин арызын алган.

Ал Франциядан — Юнесконун учурдагы директор Одри Азулай жана Кыргызстандан — Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев. Анын арызы Башкармалык Төрагасына Кыргыз өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №06-2/455 расмий каты менен, башкача айтканда, белгиленген мөөнөттөн төрт күн мурун ЮНЕСКОнун гендиректорлугуна талапкер болуу ниетин билдирген. Аткаруу Кеңешинин төрагасы бул экинчи талапкерди мүчө мамлекеттерден жашырып келген деп айтат биздин БУУдагы булагыбыз.

“Эрежеге ылайык, Аткаруу Кеңешинин төрагасы кайрылууларды кабыл алуу убактысы аяктаган соң, тагыраагы, 16-мартта мүчө мамлекеттерге катышуу ниетин билдирген талапкерлер тууралуу расмий маалымат бериши керек болчу. Бирок төрага Францияга Кыргыз өкмөтүнө басым жасаганга убакыт берди, жыйынтыгында Алмаз Бейшеналиев өз талапкерлигин алып салды”, — дейт булак.

Бир жумадан кийин, 2021-жылы 22-мартта Алмазбек Бейшеналиевди Париждеги Кыргызстандын элчилиги Mба Мокуиге жиберген № 194/3 вербалдык нотасы менен талапкерлигин чакыртып алган.





































































«2021-жылдын 23-мартында Аткаруу Кеңешинин төрагасы мүчө мамлекеттерге ЮНЕСКОнун Генералдык директорлугуна бир гана талапкер бар экендигин маалымдаган кат жөнөттү», — деп айтат булак.

Бирок, бул маалыматты тактай келгенде, Франциядан чыккан талапкерди колдоо ниетин Кыргызстан 2020-жылы эле билдирген.

Ал эми Алмаз Бейшеналиев Кыргызстандын бул чечимин эске албай туруп, өзүнүн талапкерлигин өзү көрсөтүп чыккан. Аягында ал өзүнүн каты менен ошол процедуралар бузулганын мойнуна алып, талапкерлигин кайтарып алганга мажбур болгон.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге байланышканыбызда ЮНЕСКО директоруна талапкер болуудан өз калоосу менен баш тартканын билдирди: “Арызды кайра артка тартканбыз. Эч кандай басым жасалган жок. Өз каалоом менен баш тарттым”, — деп билдирди Бейшеналиев. Ошону менен катар эле бул маалыматты чыгарбай эле коюбузду өтүндү.

Чындыгында Франция тарабынан басым эмес, бул жерде Алмаз Бейшеналиевдин катачылыгы болгонун атын атагысы келбеген Европа өлкөлөрүндө элчи болуп жүргөн жараныбыз дагы айтып берди.

“Алмаз Бейшеналиевдин ЮНЕСКОго өзүн-өзү талапкерлигин көрсөткөнү чекилик, куру пиар. Ал жакка талапкерлер жылдап-жылдап даярданат, дүйнөгө аты белгилүү фигура болот, өлкөлөр кайсы талапкерди колдой турганы алдын ала эле белгилүү болуп калат. Бул өзүнүн талапкерлигин койгону менен бир добуш да ала алмак эмес, анткени, Кыргызстан өзү Францияны колдой турганын буга чейин эле билдирген. Бул ошол катачылыгын сезип калып, аягында талапкерлигин алып салды”, — дейт дипломат.

Биз бул боюнча Тышкы иштер министрлигине суроолорубузду жиберип, жооп келгенде тышкы иштер министрлигинин позициясын өзүнчө беребиз.

Автор: ПолитКлиника

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты