Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө башталды. Биринчи болуп министр Бейшеналиев эмдөөдөн өттү

  • 3 года мурун

СОVID-19га каршы эмдөөдөн биринчи болуп саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өттү.

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү үчүн министр маалыматтык баракча толтурду. Андан кийин врачтын кабыл алуусуна кирди.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова эмдөөнү качан баштоо керек экенин врач чечээрин билдирди.

29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталаары кабарланган.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Бул вакцина менен азыркыга чейин 65 өлкөдө 12 миллион адам эмдөөдөн өттү.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 88 163 кишиге жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты