​Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Үсөнбаев менен Каратаев кызматтан бошотулду

  • 3 года мурун

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Нурболот Үсөнбаев менен Мадамин Каратаев кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгонун саламаттык сактоо министрлиги ЖМКга тастыктады.

Саламаттык сактоо министрлигинин аталган орун басарларынын кызматтан алынышынын себеби өкмөттөгү структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу экендиги айтылууда.

3-февралдагы Жогорку Кеңеш жыйынында премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы жактырылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты