​Сот блогер Элмир Сыдыманды актоо өкүмүн чыгарды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 24-мартта, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту блогер Элмир Сыдымановду (Сыдыман) актоо өкүмүн чыгарды.

Бул тууралуу Медиа Полиси коомдук институту билдирди.

Элмир Сыдыманов 2020-жылдын 4-февралында социалдык тармактагы “Sydyman” аттуу “Instagram” баракчасында ыплас сөздөрдү колдонуп, аймактар арасындагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган сөздөрдү айткангы боюнча айыпталган.

Элмир Сыдыман Инстаграмм баракчасына түштүк аймактар өнүкпөгөнүн жазып, аймактар аралык кастыкты козуткан деп айыпталган. Этникалык, расалык, улуттук, диний жана регион аралык кастыкты козутуу беренесине байланыштуу шек менен 23 жаштагы Элмир Сыдыман 18-февралда камалган. 28-февралда үй камагына чыгарылган.

Адвокат Акмат Алагушев лингвистикалык экспертиза дайындоо керектигин билдирген. Лингвистикалык экспертиза Сыдымандын сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутуу жана күч-аракет колдлнуу жок экендигин тастыктаган.

2021-жылы 10-мартта соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу Элмир Сыдымановго жазык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде мамлекеттик айыптоодон баш тарткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты