​Жогорку сот Салянованын Елисеевге лицензия берүү ишин кайрадан кароого жиберди

  • 3 года мурун

Жогорку сот кечээ, 23-мартта, мурдагы баш прокурор Аида Салянова юстиция министринин милдетин аткаруу учурунда, 2010-жылы, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес деген негиздеги өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жиберди.

Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочулар тобунда билдиришти.

Андагы маалымат боюнча, 23-мартта Жогорку сотто аталган иш каралып, адвокат Рабига Садыкованын арызы боюнча Саляновага карата Бишкек шаарынын Ленин райондук, Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрү жана Жогорку соттун токтому жокко чыгарылып, иш Ленин райондук сотуна жаңыдан кароого жиберилди.

Ленин райондук соту кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын ошол кезде 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты