​COVID-19: Алматыда кайрадан толук карантин киргизилиши мүмкүн

  • 3 года мурун

Казакстанда күн өткөн сайын коронавирус жуктургандар көбөйүп, карантиндик чектөөлөр күчөтүлүүдө.

Алматыда майрамдык иш-чараларга тыюу салынып, соода үйлөрү менен ресторандар жабылууда. Аймактардын жашоочуларына Алматы жана Нур-Султан шаарларына келбей туруу кеңеши берилди.

Алматынын санитардык бийлиги шаарда вирус жуктургандар көбөйө берсе, былтыр жазындагыдай карантин киргизилип, калаа толук жабылышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда коронавирус жуктургандардын көбөйүшүн 8-март майрамы менен байланыштырууда. Мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, өлкө тургундары бул майрамды коопсуздук нормаларын эстен чыгарып, чоң шаан-шөкөт менен белгилешкен.

8-марттан кийин өлкөдө вирус жуктургандар кескин көбөйгөн: акыркы бир жуманын ичинде эле Алматыда күн сайын 400дөн кем эмес кишиден вирус аныкталууда.

«Азыр ооруканалардагы орундар жетиштүү, бүгүнкү күндө алардын 50% бош. Эгер суткасына 500дөн ашык бейтап ооруканага жаткырыла баштаса, толук карантин киргизүү маселесин карайбыз» деди Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин.

Ал коронавирустун жаңы штаммдарынан улам акыркы кездери мектепке чейинки курактагы балдардын арасында вирус жуктургандар жана абалы оор бейтаптар көбөйгөнүн кошумчалады.

«Коронавирустун мутацияланган штаммы пайда болду деп шектенип жатабыз, аны дагы аныктоо керек. Жарандардын көбү Алматы аркылуу учуп, Европа, Орусия жана АКШ менен тыгыз байланышта болуп жаткандыктан, биз дал ушул өлкөлөрдө аныкталган штаммдар боюнча иштерди жүргүзөбүз» деди Бекшин.

Алматыдагы ресторан иштеткен ишкерлер киргизилген чектөөлөр алардын гана эмес, 200 миңден ашык кызматкердин да капчыктарына чоң сокку болорун билдиришүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты