​ДССУ Евробиримдик өлкөлөрүнүн AstraZeneca вакцинасынан баш тартышына көңүл бурду

  • 3 года мурун

ДСУУнун эксперттери AstraZeneca вакцинасынан Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн баш тартуу себебин караштыргандан кийин, жыйынтыгы тууралуу маалымдай турганын кабарлады.

“ДССУ жагдайды териштиргенден кийин анын жыйынтыгын жана учурдагы сунуштамалардагы өзгөрүүлөрдү тезинен кабарлайт” деп билдирген уюмдун өкүлү.

Бул тууралуу РИА-Новости агенттиги билдирди.

Учурда Евробиримдикке мүчө 9 өлкө AstraZeneca вакцинасын пайдалангандан кийин тромбоздон улам убактылуу чектеп же токтотуп коюшкан.

Австрия, Эстония, Латвия, Литва жана Люксембург миллион дозалык партиянын айрым партиясын, Дания, Исландия, Норвегия бул вакцинанын бүт партиясын токтоткон. Италияда бир партияны токтоткон.

Дары-дармек каражаттарынын Европа агенттигинин маалыматы боюнча, AstraZeneca вакцинасы менен 3 млн эмдөөнүн 22 учурунда тромбоз катталган.

Учурда Евробиримдик рыногунда төрт вакцина: Pfizer/BioNTech, Moderna, AstraZeneca жана Johnson&Johnson вакциналары катталган.

Кыргызстандын cаламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVAX дүйнөлүк альянсынын алкагында Кыргызстанга 504 миң доза AstraZeneca вакцинасы келерин айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты