​Исхак Масалиев: “Парламенттин бул чакырылышы таркатылышы керек” дегендерге кошулам

  • 3 года мурун

Бишкектеги “Ханституцияга” каршы тынчтык митингде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Конституция долбоорун 11-апрелде кабыл алабыз деген туура эмес экенин, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы таркатылышы керек экенин билдирип, Президент Садыр Жапаровго кайрылды.

-Бүгүнкү митингге чыккандардын арасынан «6-чакырылыш “шваль” деп жазылып турат, буга уялып жатам, мен да ушул 6-чакырылыштын депутаты болгом. Бирок мен депутаттыктан кеткем.

Акылбек Жапаров чуркап жүрүп кнопка басып жатат.

Мен бул чакырылыштын ыйгарым укуктарын токтотуш керек дегендерге кошулам. Жогорку Кеңеш беш жылга гана шайланат.

11-апрелде бул Конституцияны кабыл алабыз деген туура эмес. Конституцияны өзгөртүп, өмүр бою хан болом дегендер качып жүрөт.

Садыр Нургожоевич, токтотуңуз муну! Ушул Конституция долбоорун азыр сөзсүз кабыл алынышы керек деп эч ким шаштырган жок.

Урматтуу депутаттар, кошоматчылыкты токтоткула! -деди Апсамат Масалиев.

Бүгүн, 9-мартта, Бишкекте Конституция долбооруна каршы тынчтык митинги өтүп жатат.

Сүрөт: Митингдеги плакат. Гулиза Урустамбек кызы / «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты