​Депутат Алиярбек Абжалиев Кыргызстандан чыгып кеттиби?

  • 3 года мурун

Бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Консти туциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Дастан Бекешев Баш мыйзам долбооруна кол койду деген бир топ депутаттар жок экенин, анын ичинде депутат Алиярбек Абжалиев Кыргызстандан чыгып кеткендигин билдирди.

Дастан Бекешев документте кээ бир депутаттар эки жолу кол койгонун айтты.

«Кол койгондордун арасынан Алмазбек Акматов каза тапты, Максат Сабиров экс-депутат, Алиярбек Абжалиев Кыргызстанда эмес, Жумалиев — СИЗОдо. Бул — жасалма документ» деди Бекешев.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз байыганы боюнча фактыларды аныктаган

УКМКнын маалыматына караганда, Алиярбек Абжалиев ЖК депутаты болуп туруп, экс-Президент Сооронбай Жээнбеков менен туугандык байланышын пайдалануу менен мамлекеттик органдардын иштерине активдүү киришип жүргөн. Аны менен катар эле мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке менчик структуралардын кызыкчылыгы үчүн иш алып барган

Эске салсак, “ПолитКлиника” медиасы буга чейин “Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи” деген иликтөөнү жарыялаган болчу.

“Азыркы учурда бул иш боюнча юридикалык баа берүү үчүн сотко чейинки оперативдик-тергөө иштери жүрүп жатат” деп жазылат УКМК билдирүүсүндө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты