​Конституция долбоору боюнча референдум дайындоо мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды

  • 3 года мурун

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Каттоодон 96 депутат өттү. 87 депутат макул, 9 депутат каршы чыкты. Мыйзам долбоору 1-окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңеш жыйынында жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум тууралуу мыйзам долбоору бир катар депутаттардын кескин сынына кабылды.

Бул мыйзам долбоорун жана Конституциянын жаңы долбоорун азырынча кабыл албай туруу маселеси көтөрүлдү. Бирок, көпчүлүк добуш менен референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты