Жаңы Конституция долбоорунун авторлору тууралуу маселе талаш жаратты

Конституция долбоорунун авторлору тууралуу маселени депутаттар Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев, Ирина Карамушкина көтөрдү.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков документтин авторлорунун бири өзү экенин, парламент аппаратынын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратарын билдирди.

Депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда элдин эркин чектеген жоболор бар экендигин кошумчалады. Бекешев документте кээ бир депутаттар эки жолу кол койгонун айтты. «Кол койгондордун арасынан Алмаз Акматов каза тапты, Максат Сабиров экс-депутат, Алиярбек Абжалиев Кыргызстанда эмес, Жумалиев — СИЗОдо. Бул — жасалма документ» деди Бекешев.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети аны 2-мартта биринчи окууда талкуулаган жана жактырган.

Депутат Наталья Никитенко Конституция долбоору менен жалпы эл таанышып чыкпаганын, бул тарыхый ката экенин айтты. Бул ноябрь айындагыдан таптакыр башка, жаңы документ экенин айтты.

Каныбек Иманалиев «мыйзамсыз документти карап жатабыз» деп билдирди.» Кыргыз тилинде чалакайым жазылган. «Уят болобуз. Конституция элди консолидацияга алып келиши керек. Чатакты ырбатпайлы. Консенсус менен, балким жаңы конституциялык кеңешме түзүлсүн. Чыгып сүйлөгөн 12 депутаттын 10у каршы чыкты. Чатак жол менен Конституция кабыл алынбайт» деди ал.

Жанарбек Акаев «Садыр Жапаровго жардам бергим келет. Биз дагы Президентке жардам бергибиз келет. Президенттин душмандары ар жекшемби сайын коррупцияга каршы чыккан жаштар эмес. Кошоматты коюп, мыйзамдуулукту так сактайлы» деди ал.

Депутат Мирлан Жээнчороев сүйлөөгө чек коюуну токтотуш керек экендигин белгиледи. 80% депутат мурунку да, азыркы да Президентке кошомат кылып атасыңар деп, кошоматчылардын жүзү өзгөрбөгөнүө кейиди. Керек болсо, 2-3 күн талкуулаш керек деп сунуштады

Бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңеште Конституция долбоору жана Референдум тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты