Жанарбек Акаев: Жаңы Конституция долбоору өтө чоң мыйзам бузуу менен алынууда

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорунун аты-жөнүн ачыкка чыгарууну белгилеп, бул долбоор өтө чоү мыйзам бузуу менен алынып жаткандыгын белгиледи.

Бул тууралуу Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 3-мартагы жалпы жыйынында айтты.

«Мыйзам долбоорун колубузга беришти. Ал жерде сексенден ашуун депутат «автор» деп жазылып турат, бирок алардын ким экени белгисиз. Компьютердеги версиясында да жок. Долбоорду талкуулаганга чейин авторлор тууралуу маалыматты бериңиздер. Алар ким экенин эл билиши керек» деди Акаев.

Ошондой эле депутат Конституция долбоору өтө чоң мыйзам бузуу менен алынып жаткандыгын белгиледи.

“Сындаганыңар туура эмес”, “ Чектен чыкпагыла!” деген сөздүн төркүнүн түшүндүрүп берүү үчүн төрага Мамытовго суроо салды.

Төрага Мамытов сын болушу керектигин, депутаттар өзүнө ылайыкташтырып алды, ошону үчүн конституциялык кеңешме түзүлдү. Чекит койчу — элибиз” деп жооп берди.

Бүгүн, 3-мартта, Жогорку Кеңеште Конституция долбоору жана референдум тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты