Медиа полиси институту: ЖК Конституция долбоорун коомдук талкуусуз, сунуш, сын-пикирлерди эске албай карап жатат

Медиа полиси институту Жогорку Кеңеште бүгүн, 3-мартта, каралып жаткан Конституция долбоору коомдук талкуусуз, сунуш-пикирлерди эске албай карап жаткандыгын белгиледи.

— Конституциянын, ал аркылуу бүтүндөй саясий тутумдун легитимдүүлүгүнө Баш мыйзамдын жаӊы редакциясын кабыл алуудагы ар тараптуу мунасага келүү жана жол-жоболорду бекем сактоо жолу менен гана жетишүүгө болот.

Конституциянын жаӊы редакциясы анын өзүндө камтылган жоболорго толугу менен шайкеш келген жол менен кабыл алынышы өтө зарыл. Бирок Конституциянын бул редакциясын кабыл алуу ишине коомчулуктун кеӊири катышуусу да ошончолук чоӊ мааниге ээ. Ушул эки шарт теӊ бүгүн сакталбай жатат.

2021-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга коюу максатында парламенттин расмий сайтына чыгарылган маалыматка караганда, ал кездеги Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеӊештин төрагасы Талант Мамытовдун 2021-жыл, 20-ноябрдагы жарлыгы менен түзүлгөн Конституциялык кеӊешме Жогорку Кеӊештин депутаттары демилгелеген Конституциянын долбоорун талкуулап, аны демилгечилердин кайра кароосуна бериптир.

Буга байланыштуу Жогорку Кеӊештин расмий сайтында 2021-жылы 17-ноябрда чыгарылган Конституциянын долбоору Конституциялык кеӊешменин сунуштарын эске алуу менен даярдалган долбоорго алмаштырылды деп кабарланган эле.

Ошентип, КР “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык, ченемдик-укуктук актыларды талкуулоо мөөнөтү бир айдан кем эмес болууга тийиш. Демек, мыйзам боюнча коомдук талкуу 2021-жылдын 9-мартына чейин жүргүзүлүшү керек болчу.

Бирок, белгилүү болуп калгандай, ЖК профилдик комитети Конституциянын жаӊы долбоорун 2-мартта эле карап, жактырыптыр[2]. Бул аз келгенсип, 3-мартта Жогорку Кеӊеш депутаттары Конституциянын долбоору менен бирге добушка коюу үчүн референдумду дайындоо жөнүндө мыйзамды биринчи окууда карап чыкмакчы.

Долбоордун ЖК профилдик комитетинде карала баштагандыгы Конституциянын долбоорунун расмий түрдө парламентке киргизилгендигин, б.а. коомдук талкуу аяктагандыгын билдирет. Жарандар жана юридикалык жактар киргизген сунуштарды долбоордун демилгечилери эске алдыбы-жокпу, белгисиз.

Бардык сын пикирлер жана сунуштар боюнча талаш-тартыштар протоколу даярдалып, анда кайсы себептерге байланыштуу сын пикирлер менен сунуштар кабыл алынганы же четке кагылгандыгы көрсөтүлүшү керек деп эсептейбиз.

Демилгечилердин мындай жумушту аткаргандыгы байкалбайт. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин регламенти жөнүндө” мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, мыйзам чыгаруу демилгечиси тарабынан Жогорку Кеӊешке киргизилген долбоорго коштоочу документ катары мыйзам долбооруна карата негиздеме маалымкат тиркелет (анда парламенттик угуулардын жана коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат камтылууга тийиш). Азыркы учурда негиздеме маалымкатты ушул жагынан кандай тариздешкенин биз билбейбиз, анткени коомдук талкуу иш жүзүндө болгон жок.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин регламенти жөнүндө” мыйзамынын 66-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатканда Конституциянын долбоорунун текстине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Б.а., эми Конституциянын долбооруна депутаттар өздөрү да өзгөртүү киргизе албайт.

Конституциялык кеӊешме коомдук талкууну өткөрбөгөндүгүн белгилей кетүү керек. ошол эле учурда Конституциялык кеӊешменин төрагасы Б. Бөрүбашев депутаттар долбоордун жаӊы редакциясын коомдук талкууга алып чыгышы керек деген эле. Эл эмнени колдоп добуш берерин түшүнүп, референдум өткөрүлгөнгө чейин түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.]

Бүгүн КР Жогорку Кеӊеши Конституциянын долбоорун коомдук талкуудан өткөрбөй эле, сын пикирлер менен сунуштарды эске албастан, коомдук талкуу үчүн белгиленген мөөнөттөрдү сактабай кабыл алып жатат. Бул бийликтин иш-аракеттерине болгон ишенимди кескин бошоӊдотуп коёт. Биздин өлкөнүн Конституциясы бүгүн мунасасыз эле кабыл алынууда. А бул жагдай биздин өлкөнүн Баш мыйзамы, кабыл алынгандан кийин ал легитимдүүлүгү боюнча көп талаштарды жаратат, анын негизинде кабыл алынган башка мыйзам актыларынын кабыл алынышы да ушундай талаштарды туудурат., -деп айтылат.

Жогорку Кеңкш бүгүн, 3-мартта, Конституция жаңы долбоорун жана референдум тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты