​COVID-19: 100 киши оор абалда

  • 3 года мурун

3-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 48 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 17;
Ош – 3;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 6;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу — 1.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада49 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 83 318 киши болду.

Стационарда – 355 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
1 адам (0,2%) — канааттандыраарлык абалда;
240 (67,6%) — орто оор абалда;
100 (28,1%) — оор абалда;
14 (3,9%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 275 бейтап.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 86 359 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 киши каза болду. Каза болгондордун жалпы саны 1468 ге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты