​Садыр Жапаров: Президенттик шайлоо күзүндө өтөт

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров Казакстандын «Казинформ» агенттигине маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо күзүндө өтө тургандыгын билдирди.

«Бизде 30 жылдан бери коррупциянын тамыры тереңге кеткен. Кыргызстан боюнча 300 адам жана алардын үй-бүлөсү гана абдан байып кеткен. Анын айынан үч ирет революция болду. Бул биринчи себеби. Экинчи себеби – таза эмес, адилетсиз шайлоолордон улам чыкты. Ошондуктан, биз буга чейинки Президенттердин катасын кайталабай, таза шайлоо өткөрөлү дедик.

Жакында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Референдум өткөрүү да мерчемделип жатат, аны да адилет өткөрөбүз. Күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. Ушул процесстин бардыгында мыйзам, Президенттен колуна кетмен кармаган дыйканга чейин, баарына бирдей болушу керек. Биз азыр мыйзамдуулукту жана адилеттикти орнотуп жатабыз. Албетте, булардын баарын бир жылда жасоого мүмкүн эмес. Абалды оңдошүчүн 2-3 жыл керек, -деди Садыр Жапаров.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге белгиленген.

2-3-мартта Президент Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты