Жапаров иш сапары менен Казакстанга барат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстанга иш сапары менен барат.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.

Мамлекет башчы Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Сапардын жүрүшүндө Жапаров Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушаары да белгиленди.

Мындан сырткары Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты