​COVID-19: 93 бейтап оор абалда

  • 3 года мурун

1-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 22 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 9;
Ош — 0;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу — 0;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Ысык-Көл облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу — 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 31 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 83 210 киши болду.

Стационарда – 353 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
2 адам (0,5%) — канааттандыраарлык абалда;
242 (68,5%) — орто оор абалда;
93 (26,3%) — оор абалда;
16 (4,5%) — өтө оор абалда.

283 бейтап- амбулатордук дарыланууда.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 86 251 кишиге жетти.

Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 2 киши каза болду. Каза болгондордун жалпы саны 1466 жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты