​Депутат Алмазбек Акматов дүйнөдөн мезгилсиз өттү

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов оорудан улам 57 жашында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу анын жакындары кабарлады. «Бир бол» фракциясы тастыктады.

Алмазбек Акматов 1964-жылы 18-октябрда Нарын облусунда туулган.

2007-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын Бишкек, Чуй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. 2015-жылы VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин “Бир бол” фракциясынан депутат болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты