​Айсулуу Тыныбекова Киевдеги мелдеште алтын медалга ээ болду

  • 3 года мурун

Киев шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча XXIV эл аралык мелдеште Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки салмакта алтын медаль жеңип алды.

Бул тууралуу Айсулуу Тыныбекова Фейсбук баракчасында билдирди.

— Бүгүн Киевде өткөн эл аралык мелдеш аяктады. Бул мелдеш өлкөм үчүн дагы бир алтын медалды алып келди. Алтын медалга жетиш үчүн чыдамкайлыкты жана тырышчаактыкты бир ирээт текшерип алдым окшойт. Беттештин динамикасы улам сайын өзгөрүп, жеке өзүм, башкы машыктыруучум жана албетте, күйөрмандарым үчүн оңойго турган жок. Абдан көп адреналин ала алдык! Мени колдоп, мага ишенген адамдарга терең ыраазычылык билдирем, — деди Тыныбкеова

Айсулуу Тыныбекованын аттандашы украиналык Илона Прокопевнюк болду.

Буга чейин Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын медалга ээ болгон.

Мелдеште дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн 600 спортчу катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты