​“Кара куурайды өстүрүү Кыргызстан үчүн эң перспективдүү багыт эмес” (Фактчекинг)

24-февраль күнү Алиева Дамира аттуу Фейсбук колдонуучусу кара куурайдын жаныбарларга жана адамдарга дарылык касиети бар экенин белгилеп, радиоактивдүү абага каршы “табигый биофильтр” экенин жазып чыккан. Ошондой эле автор кара куурайды көп киреше алып келе турган пайдалуу механизм деп атаган.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

Бириккен Улуттар Уюму 1961-жылы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында “Баңги заттарга каршы” конвенцияны кабыл алган. Аталган конвенцияда дүйнө элдерине коркунуч келтирүүчү баңги заттардын тизмеси жарыяланып, “cannabis” же кара куурай да бул тизмеге киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 2-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун көрсөтмөсү менен, БУУ кара куурайды коркунучтуу баңги заттардын тизмесинен чыгарган. Тактап айтканда, кара куурай наркотик сыяктуу өтө зыян эмес экени айтылып, бирок мурдагыдай эле баңгизат катары кабыл алынган. Белгилей кетсек, 2017-жылдагы маалымат боюнча дүйнө жүзүндөгү 3,8% же 15 жаштан 64 жашка чейинки 188 миллион адам кара куурай колдонору белгилүү болгон.

ДССУ: “Кара куурайды медициналык багытта колдонуу сунушталбайт”

Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча, Канадада, Уругвайда жана АКШнын кээ бир штаттарында кара куурай толугу менен мыйзамдаштырылган. Ал эми 30 өлкөдө медициналык багытта колдонулуп келет.

Колорадо университетинин Клиникалык дарыкана жана үй-бүлөлүк медицина бөлүмүнүн профессору Лаура Боргелттин изилдөөсүнө ылайык, кара куурайды медициналык багытта бир канча ооруларга каршы жасалган дары — дармек жасоожо колдоно турганы аныкталган. Мисалы СПИД менен ооруган адамдардын табитин жакшыртуу үчүн, залалдуу шишик, нерв жана паркинсон оорусу менен жабыркагандарга ошондой эле ар кандай өнөкөт ооруларга каршы колдонулуучу дары — дармектерге 1% га чейинки кара-куурай кошулаары белгилүү болгон.

Бирок, кара-куурай кошулган дары-дармек менен дарылоонун натыйжалуулугу окумуштуулар арасында талаш жаратып, аталган препаратты узак убакытка колдонуу адамга зыяндуу экени тастыкталган. Мисалы: 2020-жылы “Journal of Neurochemistry” журналына жарыяланган изилдөөдө, Ланкастер жана Лиссабон университеттеринин изилдөөчүлөрү кара куурай кошулган WIN 55,212-2 дары-дармегинин тийгизген таасирин изилдеп чыгышкан. Изилдөөчүлөр узак убакыт бою кара куурай кошулуп даярдалган дарыны жаныбарларга тийгизген таасирин байкап отурушуп, убакыт өткөн сайын жаныбарлар өздөрүнө тааныш болгон предметтерди тааныбай, кыймылсыз отуруп калышканын байкашкан.

Лиссабон университетинин жетектөөчү илимий кызматкери, профессор Ана Себастьян: “Биздин ишибиз каннабиноидди узак мөөнөткө колдонуу мээнин иштешине жана эс тутумуна терс таасирин тийгизерин айкын көрсөтүп турат. Бардык дары-дармектер үчүн каннабиноид терапиясы ооруларга оң таасирин тийгизбейт, ошондуктан тең салмактуулук сакталыш керек” деп билдирген.

“BMJ” журналына жарыяланган башка бир изилдөөдө болсо, Европадагы 1500 залалдуу шишик менен ооругандарга кара куурай кошулган дарылардын эффективдүүлүгүн текшерип көрүшкөн. Окумуштуулар бейтаптарды эки топко бөлүп, кара куурайдын дозасын алган рак оорулуулар менен плацебо алгандарды салыштырып, бирок эч кандай айырма байкай алышкан эмес. Ошондой эле, окумуштуулар кара куурайды колдонуу бейтаптардын баш айлануу, жүрөк айлануу, чарчоо жана уйкусуроо сыяктуу терс таасирлери болгондугун да белгилешкен.

Белгилей кетсек, 2017-жылы Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кара куурайды (каннадибиол) медициналык багытта колдонууну сунуш кылбай турганын билдирген.

“Кара куурайдын жаныбарларга болгон эффектилери толугу менен изилдене элек”

Кара куурайдын жаныбарларга тийгизген таасири, эки жактуу каралып келет. Мисалы Канадада кара куурайды колдоонууга уруксат берилгенден кийин, ал үй жаныбарларына берилүүчү тамактардын катарына кошулуп популярдуу боло баштаган. Кээ бир ветеринарлар кара куурайдын жаныбарларга эч кандай терс таасири жок экенин билдиришсе, кээ бирлери буга каршы чыгышкан.

2011-жылы Европалык илимпоздор жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча эксперттер мал жана үй канаттууларын кара куурай менен азыктандыруунун кооптуу экенине токтолушкан. Алар кара куурайдын жаныбарларга болгон эффектилери тууралуу толук изилдөө жүргүзүлө электигин билдиришкен.

Ошондой эле илимпоздор кара куурайды тоют катары колдонуу үй-жаныбарларынан алына турчу — эт, сүт жана жумуртка сыяктуу азыктарына өтүп, адамдардын ден соолугуна зыян бериши мүмкүн бүтүмгө келишкен. Мындан сырткары окумуштуулар, адамдардын кара куурайды тамакка кошуп жесе пайдалуу болот деген гипотезалардын да толук изилдене электигине токтолушкан.

Белгилей кетсек, Канадада 2018-жылдан баштап кара куурайды колдонууга уруксат берилген.

“Кыргызстан кара куурайды мыйзамдаштырууга таптакыр даяр эмес”

Кыргызстанда 2017-жылы кара куурайды мыйзамдаштыруу демилгеси көтөрүлгөн. Аталган демилгени Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын директору Толкунбек Абдыгулов сунуштап, ал өлкөгө туристтерди тартуу максатында перспективдүү жол экенин билдирген.

Ал эми Борбор Азиядагы баңги заттарды көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Александр Зеличенко Кыргызстан ага таптакыр даяр эмес экенин билдирген.

“Жалпысынан Германияда мыйзамдаштырууга каршы эмесмин, бирок Кыргызстанда мыйзамдаштыруу бул акылга сыйбаган нерсе. Бүгүнкү күндө биз буга таптакыр даяр эмеспиз. Бул жакка туристтер келе турган “бейишти” түзөбүз деген сөз күлкү келтирээрлик. Балким туристтер көп келе баштайт, бирок кесепети андан да чоң болот”-деп билдирген Александр Зеличенко.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында 1998-жылы кабыл алган мыйзамынын 25-беренесинде өлкө аймагында, баңгизаттарды жана кара куурайларды өстүрүүгө жана жайылтууга тыюу салынган.

Жыйынтык: Кара куурайдын адамдардын жана жаныбарлардын организмине болгон терс таасирлери көбүрөөк экени далилденген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты