​“Ала качуу” — салтпы же алсыздардын куралыбы?

Бул окуя бир канча жыл мурун болгонуна карабастан, бүгүнкүгө чейин актуалдуу болуп келет.

Айсулуу ал кезде бүтүрүү экзамендерин тапшырып жаткан. Сыртта июндун жылуу абасы турган. Айсулуу акыркы экзамендердин бирин тапшырган соң, үйүнө келип, адаттагыдай, атасына жардам берип жаткан. Бир кезде алардын үйүнө бир канча жаш адам кирип келип, Айсулууну ала качып кетишкен.

Мени ала качып кетип жатканы мага ага чейин эле белгилүү болчу, аны мага жакын мугалимим айткан. Ал учурда мен кайсы бир убакытка чейин үйдөн чыкпай калгам. Бирок, мектепти да таштап салганга болбойт болчу, анткени бүтүрүү экзамендери бар болчу. Ошондуктан мектепке барууну уланта бергем” — деп эстейт ал күндөрдү Айсулуу.

Ал күнү Айсулуу атасы экөө үйдүн иштери менен алектенип жаткан. Ала-качуучулар алардын үйүнө кирип келип, Айсулуунун атасын үйүнө сыртынан бекитип, өзүн машинеге салып кетишкен.

Мени ала качып кеткен балдарды биз таанууубуз. Алар биздин коңшу айылдан болчу. Машиненин ичинде мен аларга каршылык көрсөтүп жаттым, бирок алым жеткен жок. Алардын үйүнө жеткенде, мени алсыз абалда киргизишти. Мен аларга каршылык көрсөтө алганга шайым жок болуп калды”, — дейт Айсулуу.

“Мелдешкени үчүн ала качкан”

Айсулуу сыяктуу ала качууга дуушар болгон кыздардын окуяларын чагылдырган “Открытая линия” коомдук фонду ала качууга түрткөн себептерди кыздар арасында изилдөп көргөн. Бул изилдөөдө ала качууга түрткөн бир канча себеп айтылат.

“Сизди эмне үчүн ала качты деп ойлойсуз?” деген суроого кыздардын 25%ы “бир карап сүйүп калган”; 24%ы “сезимдерине жооп ала албай калуусунан корккон” дегеп жоопторду беришкен. Мындан сырткары, сурамжылоого катышкандардын 22%ы “достору менен мелдешкени үчүн”; 14%ы “жөн эле кызык болгону үчүн” деп билдиришкен. Ушул сыяктуу себептердин арасында эркек кишини ата-энеси, чөйрөсү, экономикалык жана социалдык абалы ала качууга чоң түрткү болоорун белгиленет.

Айсулуунун айтымында, аны ала качкан адамга ата-энеси чоң таасирин тийгизген:

Биз жакта жаз келери менен балдар үйлөнө башташат, анткени кыздардын көпчүлүгү мектепти бүткөн соң, ар кайсы жака кете башташат. Анан мени ала качкан бала үйдүн эң кичүүсү болгон, ата-энеси үйлөн деп кыйнаса керек”, — дейт Айсулуу.

Фонддун маалыматында көпчүлүк учурда ата-эне баласынын мындай чечимин колдойт. Мындай көрүнүш кыз-жигиттер ортосундагы сүйлөшүү маданиятынын төмөндүгү жана үй-бүлө жөнүндө патриархалдык түшүнүктөрдүн жайылышы менен түшүндүрүлөт.

“Открытая линия” фондунун жетекчиси Мунара Бекназарованын айтымында, жигит кыз менен кантип мамиле түзүш керек экендигин билбейт:

Бардык эле жигиттер кыз менен сүйлөшүүнү, мамиле сезимдердин негизинде, үй-бүлө эки тараптын макулдулугу менен түзүлүшү керек экенин биле беришпейт. Ушундан улам, алар кыздарга карата басынтуу жана кемсинтүү, көп учурларда зордук зомбулук жолун тандашат”, — деп билдирет Мунара Бекназарова.

Ала качуу динге туура келбейт

Никеге туруу ислам дининде каралган, бирок ала качуу эмес. Муфтияттын билдирүүсү боюнча, бул нерсе динге туура келбейт, анткени бул шариятка каршы келген иш.

Ошондой эле муфтияттан бизге билдиргендей, нике кыюу учурунда кыз макулдугун бербей койсо болот:

Эгер нике кыюу учурунда бир тарап макулдугун бербей койсо нике өтпөйт. Молдо ал учурда никени кыя албайт”, — деп билдирди Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр ажы Токтогазы уулу.

“Экөө тең курмандык болот”

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын айтымында, ала качуунун натыйжасында эки тарап тең жабыркайт. Азиза Абдрасулованын билдиргенине ылайык, ала качууга таанышууга жөндөмү жок, байланыш түзө албаган, жаш курагынан өтүп бара жаткан адамдар барышат:

Менин тажрыйбамда мындай учурлар көп кездешет. Бул учурда кыз тааныбаган адам менен турмуш курууга мажбур болуп жатса, эркек киши бул учурда өзүнүн чечкинсиздигин көрсөтүп коет”, — Азиза Абдрасулова.

Укук коргоочунун айтымында, ала качууну жок кылыш же азайтыш үчүн мыйзамды толукташ керек. мыйзам боюнча ала качууну уюштургандардын бардыгын жоопко тартыш керек:

Азыркы мыыйзамда ала качуу беренеси менен үйлөнөм деген жигит гана жоопко тартылып калат дагы, ала качууну уюштурган башка адамдар жазасыз калып калышат. Ала качуунун санын азайтыш үчүн бардыгын: ала качууга катышкан айдоочуну, кызды унаага салган балдарды. керек болсо көшөгө тартып, жоолук салган аялдарды да жоопко тартышыбыз керек”, — деди Азиза Абдрасулова.

Көп учурлар катталбай калат

Кыргызстанда ала качуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “Адамды никеге туруу максатында” (175-берене) беренеси менен кылмыш иши козголот. Бул берене менен кылмышка шектелген адам эркинен жети жарым жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркнен ажыратылып, 180 миң сомдон 220 миң сомго чейинки айып пулга жыгылышы мүмкүн. Бирок, бардык учурлар каттала бербейт.

Айсулуу ала качкан адамдардын үстүнөн кандайдыр-бир мамлекеттик органдарга арыз жазган эмес. Бул кадамын Айсулуу чөйрөнүн таасиринен болгонун айтат.

Мени ала качканда, мени атам барып алып келген. Арыз жазайын дегенде, ала качкан баланын туугандары, биздин жаныбыздагылар да “баланын тагдырына балта чаппа” деп, жаздырбай коюшкан”, — дейт Айсулуу.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-жылы өлкө боюнча “Адамды никеге туруу максатында уурдоо” беренеси менен 212 учур катталган. Алдыда ала качуу учурлары Кыргызстандын региондору боюнча бөлүнүшү көрсөтүлгөн:

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, былтыр эң көп ала качуу фактысы Бишкек шаарында катталган.

Акыркы он жыл ичинде ала качуу беренелери менен катталган учурлардын с. Алардын 36%ы гана сотко жөнөтүлгөн.

 

 

Мындан сырткары, мамлекеттик органдар тарабынан катталбай калган учурлар да аз эмес.

Мындай көрүнүш “Арыз жазсаң, сени эч ким албайт”, “Кыздын барар жери — күйөө” жана башка коомдо терең отурукташкан стереотиптер менен түшүндүрүлөт. Бул учурда көптөгөн ала качуу фактылары катталбай жана кыздар ала качкандар менен турмуш курууга мажбур болуп калышат.

“Сенин жашооң — сенин тандооң”

Биздин каарманыбыз Айсулуу ар бир адам өз жашоосунда чечимдерди өзү кылуусу керек экендигин айтат:

Эски түшүнүктөрдөн, эски нерселерден алыс болушубуз керек. Отурбай коюу силердин укук, ар ким өзүнүн жашоосун өзү чечиши керек”, — дейт Айсулуу.

“Открытая Линия” фонду кыздарды ала качкан учурда, кыздардын аракеттерин белгилеген.

Эгерде сизди ала качып жатса, Сиз ала качууга катышкан адамдардын санын, автоунаанын үлгүсүн жаттап калганга аракет кылгыла. Жардамга чакырыңыз. Ала качууга катышкандарга Жазык кодекси аркылуу сара көрүлөрүн белгилеңиз. Отурбай коюу сиздин тандоо, “Бул салт”, “Каргыш тиет” деген сөздөргө алданбаңыз.

Сүрөттөр: “Открытая Линия” коомдук фонду

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты