Сания Токтогазиева милицияга кайрылды

  • 3 года мурун


Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны издеп, үйүнө барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылды.

Бул тууралуу Сания Токтогазиева Фейсбук баракчасына 27-февралда жазды.

-Колдооңуздар үчүн бардыгыңыздарга рахмат! Милицияга кайрылдым, протокол толтуруп, арызымды кабыл алышты. Эртең менен кылмыш жана жоруктар реестрине катташат. Арызга далилдерди (фото+видео жазуу, телефон сүйлөшүүдө жазылгандады) бердим, -деди ал. Мунун баары эмне менен аяктарын көрөбүз,-деди Токтогазиева.

26-февралда Токтогазиева “Фейсбуктагы” жеке баракчасына өзүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган адам аны үйүнө издеп барганын жазган. Күйөөсү бейтааныш кишинин документин көрсөтүүнү суранып, видеого тарта баштаганда башка шылтоону айтып качып кеткенин жазган.

Началось! Какие-то странные люди представившись представителями правоохранительных органов ищут меня. Буквально час…

Опубликовано Saniya Toktogazieva Пятница, 26 февраля 2021 г.

Сания Токтогазиева 2019-жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өлкөдөгү саяси-укуктук процесстер тууралуу көз карашын билдирип, сынга алып келет. 2020-жылдын декабрында ал чындыктын тили менен сүйлөп, улуттун аң-сезимине тийгизген жарандык жигердүүлүгү үчүн» Салижан Жигитов атындагы «Улут абийири» сыйлыгына татыган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты