​Коронавирус пандемиясы 2022-жылы бүтөөрү жөн гана божомол

24-февраль күнү, Kadam-media.kg интернет сайтында “Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус пандемиясы 2022-жылы токтойт” деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу, Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюге айтканы белгиленген.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Ханс Клюге “ Эң жаманы артта калды”

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык директору Ханс Клюге 21-февралда Даниянын “DR” телеканалына берген маегинде, коронавирус илдетинин кийинки жылдын биринчи айларында басаңдап калуу ыктымалдуулугу бар экенин билдирген. Ал мындай болжомолун, дүйнөдөгү 53 мамлекетте коронавирус илдети менен жабыркагандардын санынын күн сайын кыскарып жаткандыгы жана коронавируска каршы вакциналардын ойлонуп табылгандыгы менен байланыштырган:

“Эң жаман көрүнүштөр бүттү. Биз 2020-жылы бул вирус жөнүндө эч нерсе билбейт болчубуз. Ал эми азыр, ага каршы вакциналарды ойлоп таап жатабыз. Бирок, бул ушуну менен күрөш токтоп калат дегенди билдирбейт. Анткени азыр бул вирустун жаңы мутациялары пайда болуп жатат. Ошондуктан узак жана кыска мөөнөтүү стартегиялар менен вакциналардын эффективдүүүгүн көзөмөлдөп турушубуз керек”, -деп билдирген.

Ошондой эле Клюге, коронавирус илдетинин мутацияланып жатышы табийгый процесс экенин кошумчалалаган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча 112 миллион адам коронавирус жуктуруп алса, алардын ичинен 2,5 миллиондон ашыгы каза болду.

ДССУнун официалдуу сайтына бул маалымат чыккан эмес

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун официалдуу сайтына Ханс Клюгенин коронавирус пандемиясы 1, 2 жылда токтойт деген маалыматы жайгаштырылган эмес.

Ошондой эле, Ханс Клюге Даниянын “DR” аттуу телеканалына берген маегинде бул жыйынтыкка келгенин коронавирус илдетинин азайып жаткандыгы жана вакциналар менен байланыштырып, бирок изилдөөлөр тууралуу так маалымат берген эмес.

Түрдүү көз караштар

Февраль айынын башында Science журналына жарыяланган изилдөөдө, Covid-19 5-10 жыл аралыгында эндемикалык болуп эсептелип, кадимки грипп сыяктуу болуп калаары белгиленген. Ошондой эле жаш балдарга полиомиелит же кызамыкка каршы сайыла турган вакциналардын арасына, коронавирустук вакцина да кошулаары божомолдонгон.

Миннесота университетинин Вирустук жугуштуу ооруларды изилдөө жана саясат борборунун директору Остерхольм “Insider” маалымат агенттигине берген маегинде, коронавируска каршы вакцинаны жер жүзүндө баарына жеткиликтүү кылуу дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилеген.

«Коронавирус биз менен түбөлүккө болот. Бул нерсени биз түп тамыры менен жок кыла албайбыз. Ал эми Covid-19дун жаңы мутациялары вакцина өндүрүүчүлөрдүн стратегияларын өзгөртүүгө мажбур кылат”, -деп билдирген.

Дагы бир изилдөөдө, Bloomberg жарналы дүйнө жүзү боюнча 70%дан 80% га чейинки адамдарда жамааттык иммунитет пайда кылуу үчүн 7 жыл талап кылынаарын жазган. Аталган журнал, дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн Covid-19 эмдөөлөрүнүн ири маалымат базасын түптөгөн. Bloomberg журналы атайын калькулятордун жардамы менен эсептеген изилдөөдө, кээ бир экономикасы күчтүү өлкөлөр, мисалы: Израиль жана АКШ эмдөөнү 2 ай аралыгында жүргүзө алаарын, бирок экономикалык жактан начар өлкөлөрдө толугу менен эмдөө жүргүзүү кыйынга тургандыктан жалпы жонунан 7 жыл талап кылынаары белгилеген.

Мындан сырткары, Гераманиянын Бонн университетинин профессору жана вирусология институтунун директору Хендрик Штрик коронавирус пандемиясы 2023-жылга чейин созулаарын билдирген. Анын ою боюнча, коронавируска каршы олуттуу жана натыйжалуу вакциналар жасалса дагы, ал жашоонун бир бөлүгүнө айланаарын белгилеген.

Ошондой эле окумуштуулар, коронавирус пандемиясынын мутацияланып, жаңы штамптарынын пайда болуп жатышы абалды кыйындатып жатканын белгилешкен. Себеби жаңы штамптарга каршы азыркы колдонулуп жаткан вакциналар өтө эффективдүү болбой калаары айтылган.

Жыйынтык: Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюгенин 2022-жылы коронавирус пандемиясы басаңдайт деп айтканы чын. Бирок, бул анын жеке божомолу катары айтылып, кайсы изилдөөнүн натыйжасында бул жыйынтыкка барганын айткан эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты