Атыр Абдрахматова: Бийликчил партиялар жергиликтүү кеңеш шайлоосуна катышса, административдик ресурс жолун улайт (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” программасында алдыдагы, 11-апрелге, белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу сөз болот.

Жергиликтүү шайлоолордо мыйзамдуулук сакталабы, шайлоо калыс өтөбү? “Мекенчил”, “Ата журт” саясий партиялары бийликчил партия катары алдыдагы жергиликтүү шайлоого катышабы? Жарандарыбыз эмне себептен жергиликтүү депутаттарды шайлоого сөзсүз барышы керек? “Серептин” бул чыгарылышында — БШКнын экс-мүчөсү- Атыр Абдрахматова.

-Биринчиден, саясий жагынан айтканда, жергиликтүү кеңештердин 92%ынын шайлоосу болот. Ошондо мамлекеттеги дээрлик бүт жарандар шайлоого аралашышы керек. Бишкек, Ош, дегеле, бардык региондордогу чоң шаарларда шайлоо өтөт.

Азыр кайсы саясий партиялар өзүн көрсөтө алса, жергиликтүү кеңештердин шайлоосу парламенттик шайлоо алдында болгондуктан, бул алдын ала “биз барбыз, биз чыгабыз, биз саясий күчпүз” деген билдирүү катары саналат.

Жергиликтүү кеңештерде, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында утуп келген партиялар Жогорку Кеңешке аттанары, алардын тегерегинде башка саясий күчтөр топтолору да белгилүү болуп калат.

Экинчиден, саясий жагынан мага жаккан жери — бийликчил деген атка конгон “Мекенчил” партиясы, азыр дагы сөздөр чыгып жатат, “Ата журт” дагы шайлоого катышпайт деген. Эгер чындап эле ушул эки саясий партия (жергиликтүү шайлоого-авт.) шайлоого катышпаса, анда жакшы. Анткени биз көнүп калдык да, акыркы 30 жылдан бери же партиялык система киргенден бери, бийликте ким турса, ошонун партиялары келип, 70-80-90 % мандатты утуп кетип эле, бардык жерде өзүнүн адамдарын отургузуп койчу.

Эгер азыр бийликчил партиялар катышпаса, анда шайлоо өнөктүгү тең укуктуу, атаандаштык менен өтүшү мүмкүн.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Сүрөт жана видео: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты