Жээнбеков менен Отунбаеваны экс-президент макамдарынан ажыратуу үчүн кол топтолуп жатат

  • 3 года мурун

Өлкөдө Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеваны экс-президент макамдарынан ажыратуу сунушталууда.

Идеяны колдоо үчүн 15 миң кол топтолду. Активисттер мурдагы саясатчылар өмүр бою кол тийбестикке, жогорку пенсияга жана башка артыкчылыктарга ээ болууга татыктуу эмес деп эсептешет.

Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну биринчилерден болуп 2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолордун катышуучулары демилгелешти. Алар мурдагы президент парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга жол берип, коррупционерлерди колдогон деп эсептешет.

Нааразылыктардын натыйжасында Жээнбеков отставкага кетүүгө мажбур болгон, бирок ага карабай кол тийбестигин жана артыкчылыктарын сактап калган.

Башка бир активисттер Жээнбековду эле эмес Роза Отунбаеваны да кол тийбестиктен ажыратуу үчүн кол топтой башташты. Ал Апрель революциясынан кийин президент болгон жана бул кызматты бир жарым жыл гана ээлеп, бийликти тынч жол менен өткөрүп берген. Блогер Чынгыз Капаров аны эл шайлабаганын, мындан улам аны макамынан ажыратуу керек экенин билдирүүдө.

«Жээнбековдун пенсиясы 296 миң сом, Отунбаеваныкы 140 миң сом. Анын башка чыгымдарына дагы миллион сом бөлүнөт. Эки мурдагы президент үчүн жылына 280 миң доллар жумшалат. Бул мыйзамсыз. Ошондуктан эл бизди колдоп, кол коюп кетип жатышат», — деди Чынгыз Капаров.

Отставкадан кийин Роза Отунбаева фонд ачкан. Ал Кыргызстандагы билим берүү долбоорлорун каржылайт. Уюмдан билдиришкендей, экс-президент артыкчылыктарын анчалык деле колдонбойт – мамлекеттик резиденцияда жашабайт, мыйзам бузбайт, демек, иммунитеттин деле кереги жок. Саясатчы президенттик пенсиясын кайрымдуулукка жумшайт.

Өлкөнүн мурдагы беш президентинин экөө – бозгунда, бирөө – түрмөдө, дагы экөөнү кол тийбестиктен ажыратуу сунушталууда.

Ошол эле маалда мурдагы президенттерди макамдарынан ажыратуу маселеси жакында актуалдуу болбой калышы мүмкүн. Парламентте каралып жаткан Конституциянын жаңы долбоорунда мурдагы президенттер үчүн эч кандай артыкчылык берилген эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты