Америкадан келген жүктөрдө акча болгондугу далилденген эмес

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Америкадан сырдуу жүк келгендиги жөнүндө айтылат. Ал жүктө акча болушу мүмкүн деген божомолдор көп. ПолитКлиника медиасы дал ушундай аталыштагы макалаларды чогултуп, анализ жасап көрдү.

Кыргызстанга дипломатиялык почта аркылуу ар кандай өлчөмдөгү жүктөр келип түшөт. Жүктөр дипломатиялык негизде болгондугу үчүн алар текшерүүгө алынбайт. Коомчулукта ал жүктөрдө акча болгондугу жана ал акчалар бейөкмөт уюмдарга таратылары жөнүндө ой-пикирлер айтылып жүрөт. Бейөкмөт уюмдарга болсо “Чет өлкөлүк демөөрчүлөрдүн акчасын алып, коомдук стабилдүүлүктү бузууга аракеттеништи; ар кандай митингдерди уюштурду”,- деген айыптар тагылып келет.

Биздин редакция жалпыга маалымдоо каражаттарында “Америкадан келген жүк” тууралуу жарыяланган макалаларын чогултуп, анализ жүргүзүп көрдү.

15-апрель 2015-жыл

2015-жылы Дело № газетасы март айында эки жолу Америкадан сырдуу жүк келгендиги жөнүндө жазып чыккан. “Манас” аэропортуна украиналык жүк салынган АН-124 учагы конгон. Тапшырыктын ээси — Кыргызстандагы Америка элчилиги. Жалпы көлөмү 152 тоннага жеткен 12 контейнер келип түшкөн. Контейнерлер толо акча болушу мүмкүн эмес. Бирок бул Кыргызстан үчүн коркунуч жараткан жүк”,- деп жазып чыгышкан.

24-ноябрь 2019-жыл

Коммерсант.KG порталы АКШнын Бишкектеги элчилигине салмагы 867 килограмм болгон 26 мүшөк жүк дипломатиялык жүк катары келгенин, бул 60 млн АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты болуп саналарын жазып чыгышкан.

“Америка Борбордук Азия мамлекеттеринин ички саясатына тереңден киришүү үчүн миллиондогон долларларды агыза турганын түшүндүк. Акчанын азгырыгы менен бейөкмөт уюмдары албетте мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, стабилдүүлүгүнө доо кетирүү максатында иш жүргүзүшөт”,- деген пикир менен жыйынтыкталган.

21-ноябрь 2019-жыл

“Калемпир” порталы укук коргоочу Рита Карасартованын донордук уюмдар менен гранттык негиздеги кыска мөөнөттүү долбоорлор менен иштерин жазышкан. Ошондой эле Рита айым социалдык баракчасына конституцияга каршы келген чакырыктарды жасап, кесиптештерин “гей-парад” жана саясий майданга чыгуусуна үгүттөп жүргөнү жөнүндө жарыялашкан.

28-ноябрь 2019-жыл

“Белый Парус” порталы жарыялаган кабарда АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигине дипломатиялык почта аркылуу түшкөн жүктө 60 миллион АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты түшкөнү жөнүндө айтылат. Парламенттик шайлоо алдындагы бейөкмөт уюмдардын активдүү иш алып баруусунун максаты мамлекетте туруксуздукту жаратуу, учурдагы бийликтин легитимдүүлүгүнө шек келтирүү, ошондой эле конституциялык түзүлүштү кулатуу аракетин көздөгөн чет элдик уюмдардын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү деп баа беришкен.

Ал эми бажы тармагындагы коррупциялык схема жөнүндөгү журналисттик иликтөөдөн кийин Бишкек шаарында өткөн тынчтык митинги бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ар кандай эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан уюштурулганын жазышкан. Укук коргоочулар Рита Карасартова жана Динара Ошурахунова, юрист Нурбек Токтакунов митингдин уюштуруучуларынын катарында экенин жазган макаласын жарыялашкан.

3-февраль 2020-жыл

“Кабарлар” порталы Кыргызстандагы Америка элчигине дипломатиялык почта менен миллион доллар келип түшкөнү жөнүндө жазышкан. Алардын маалыматы боюнча жүк салмагы 26 таңгакта 880 килограмм болгон. “2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында Американын Демократия үчүн Улуттук Фонд (NED) жергиликтүү батышчыл медиага, жарандык коомдун лидерлери деп аталган жана бейрасмий жаштар уюмдарына гранттарды көбөйттү”- деп жазышкан.

Бардыгында окшош сценарий

Жарыяланган макалалардын дээрлик бардыгында окшош сценарий. Сырдуу жүк келгени, ал жүктө акча болгону айтылат. Бирок акча экенин далилдей турган фактылар көрсөтүлгөн эмес. Жүктү көбүнчө коркунучтуу деп аташат. Деги эле банктар ар түрдүү банк кызматтары сунуштап жатса, жүк менен акча которуп кереги барбы?

Макалаларда чет өкөдөн келген акчаларды алдыда боло турчу чоң саясий окуялар менен байланышы бар деп жазышат. Ошондой эле кыйыр түрдө өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын максаты — өлкөнүн ички саясатына Американы аралаштырып, тынчтыкты, бейкутчулукту бузуу экенин белгилешет. Белгилүү укук коргоочулардын, жарандык активисттердин да ысымдары менен коштолот. Айрым митингдер да бейөкмөт уюмдар тарабынан атайын уюштурулуп жатканын айтышат.

Биздин уюм шайлоо иштерине мониторинг жүргүзгөн эмес

“Белый Парус” порталы «Адилет» уюмунун башчысы, укук коргоочу Чолпон Жакупова АКШнын Улуттук Демократиялык Институтунун жетекчиси А.Гиллан менен жолугушканын жазышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы ЖКдагы шайлоо жүргүзүү боюнча долбоорго 1 миллион 200 миң АКШ доллар өлчөмүндө грант бөлүү маселеси талкууланган. Биздин редакция укук коргоочу айым менен байланышканында ал мындай жолугушуу болбогонун, ал жетектеген уюм шайлоо иштерине мониторинг жүргүзбөгөнүн айтты.

“Мындай маалыматтарды Абдиль Сегизбаев жетектеген контора жазышкан. Чет элдиктер бизден айырмаланып диломатиялык иштерде накталай акча менен таптакыр иштешпейт. Биздин уюм бардык эсептерин банк аркылуу жүргүзөт. Акчалар официалдуу түрдө официалдуу эсебибизге келип түшөт. Абдиль Сегизбаев, азыркы өкмөт да бул жөнүндө билет. Абдиль Сегизбаев УКМКнын төрагасы болуп турганда менин артымдан көзөмөл, тыңшоо(прослушка) болгон. Атамбаевдин заказы боюнча мага иштер козголгон. Американы эмнеге жаман көрүшөрүн Сегизбаевден сураш керек”,- деди Чолпон Жакупова.

Бийлик баары “ляп-бай” деп турушун каалайт

Чолпон Жакупова бейөкмөт уюмдар митинг өткөрүү менен алектенбестигин айтты: “Тарыхты эстеп көргүлө, мамлекетти төңкөрүштөдү кимдер жасашат? 2005-2010-жылдары бийликке “НПО” келдиби? Төңкөрүштөр дайыма саясий топтор тарабынан уюштурулат. А алар акчаны кайдан алат, мен билбейм. Октябрь окуяларында Садыр Жапаров акчаны кайдан алды билбейм. Мен алардан айырмаланып төнкөрүшчүлөрдүн катарына кирбейм. Чет өлкөлүктөр эч качан төңкөрүштү каржылашпайт”,- деди.

Чолпон Жакупованын айтымында бийлик бейөкмөт уюмдарды сындаганы үчүн жаман көрөт: “Алар өздөрү оппозицияда жүргөндө “НПОну” жакшы көрүшөт. Бийликке келгенде, жек көрүп башташат. Алар баары башын ийип “ляп-бай” деп турганын каалашат”,- деди.

Конституциялык палатанын мурдагы соту Клара Сооронкулова өзүнө да “батышчыл”, “америкачыл” деген айыптоолор келип түшөрүн айтты.

“Ушуга чейин бир көтөрүлүштү “НПО” каржылаганын көргөн эмесмин. Акчаны жүк менен алып келмек беле? Бул — эптеп эле жаман көрсөтүү аракети. Себеби, бейөкмөт уюмдар мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жөнүндө айтып жатпайбы”,- деди.

Ошондой эле Клара айым Оруссиянын кызыкчылыгына иштеп жүргөн топтор бар болгонун, алар коомдук ойго таасир этүү үчүн иштеген агенттер экенин айтты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты